“Окуу керемет!” долбоору Красная Речка айылынын жалпы билим берүү орто мектебинде 2 жылдан бери өтүлүүдө. Башталгыч класстарынын мугалимдери бул аралыкта долбоордун тренингдерине онлайн жана оффлайн түрүндө катышып, бул окутуунун негизинде ачык сабак өткөрүп, бири-биринин сабактарына катышуу менен тажрыйба алмашып, жетишкендиктерин көрсөтүп келүүдө.
USAIDдин бул долбоору “Бирге окуйбуз”, “Келгиле окуйбуз” жана“Окуу керемет” программаларын камтыйт. Максаты мугалимдердин сабак өтүүдө чыгармачылык менен изденүүсүнө көмөк көрсөтүү менен балдарга сапаттуу билим берүү болуп эсептелет. Биздин мектептин мугалимдери Марипа Өзүбекова 2-а класска “Сандын үчтөн бир бөлүгү”, Билим Жамынчиева 3-а класска”Амалдарды ирети менен аткаруу”, Алиса Насыпбекова 4-а класска “Көп орундуу сандарды бир орундуу жана эки орундуу сандарга көбөйтүү” темалары боюнча математика сабагынан “Түшүндүрүү жана негиздөө”окутуу стратегиясы, “Чыныгы турмуштук кырдаалдардагы маселелерди чыгарууда көбөйтүү жана бөлүүнү пайдалануу” “Моделдердин көптүгү”, “Кайчы пикир жаратуу”ыкмаларын колдонуу менен сабак өтүштү. Сабакка долбоордун математика сабагы боюнча тренери Аманбүбү Мусаева катышып, өзүнүн пикирин айтып, сунуштарын киргизди.Сабак өтүү учурунда балдардын топтордо биргелешип иштөө, талкуулоо, изденүү менен өз ойлорун айтуусу бул ыкмаларды сабакка колдонуунун натыйжалуулугун көрсөтөт.
Венера Шонкоева