Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Видео:Бий боюнча чемпион -Даткаайым

16 Ноябрь 2022 год 20:17
Количество просмотров: 202

2022- жылдын 5- ноябрында Бишкек шаарындагы Ленин атындагы маданият үйүндө бий боюнча «Аалам»  республикалык чемпионаты болуп өттү. 

Бул чемпионатка катышуу үчүн республиканын аймактарынан көптөгөн бийчилер келишкен. Алардын ичинде Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын №4 башталгыч жалпы билим берүү мектебинин 1-б классынын окуучусу Алмасбекова Даткаайым да катышып, индия бийи менен 1-орунду ээледи.

Даткаайымдын апасы Зейнура Суранчиеванын сөзү боюнча, бул чемпионатка көптөгөн бийчилер катышкан. Даткаайым буга чейин дагы көптөгөн конкурстарга катышып, алдыңкы орундарды багындырып келген. Сыйлыктары көп жана кsзы менен сыймыктанарын билдирди.

Даткаайым апасы Зейнура Суранчиева менен

Ал эми Даткаайым өзү бийге кызыгып, 5 жашынан бери катышып жүргөнүн айтты. Ал 1-орунду алганына сүйүнүп, бул жетишкендиги үчүн ата-энесине, машыктыруучусуна ыраазычылык билдирди.

Даткаайым машыктыруучусу Елена Бондаренко менен

 

Куттубек кызы Айзат, Венера Шонкоева