Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Видео: Ширин Сарыгулованын окуучулары манас айтууда

8 Декабрь 2022 год 20:08
Количество просмотров: 240

Кант шаарынын №2  К.Рыскулова атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары Манас күнүнө карата райондук иш-чарага активдүү катышышты.

«Жаш манасчылар»ийриминин жетекчиси Ширин Сарыгулова өзүнүн өнөрүн жаш муундарга үйрөтүп, келечекте таланттуу манасчылардын өркүнүн өстүрүп келет.

Белгилей кетсек, Ширин Сарыгулова Кыргызстандагы белгилүү манасчы, ырчы, комузда эркин ойнойт. «Сармерден» берүүсүнүн катышуучусу Ширин өзгөчө чечендиги, сөзмөрдүгү менен кыргыз элинде  дастанчы катары да таанымал.

Манас күнүнө карата окуучулардын тарткан дубал гезити

 

Венера Шонкоева