Красная Речка айылында жайгашкан «Ай-Толкун» жана «Нур-Балалык» балдар бакчаларында атайын бөбөктөр үчүн балдар аянтчасы орнотулду.

Аянтчаны орнотууга райондук өнүктүрүү фонду тарабынан «Ай-Толкун» балдар бакчасына 598120 сом бөлүнүп берилген.
Ал эми «Нур-Балалык» балдар бакчасына айыл өкмөтүнүн бюджетинен 598120 сом акча каражаты бөлүнүп берилген.
«Нур-Балалык» бакчасынын жетекчиси Гүлайым Кожокматова жаңы аянтчада балдар чоң кубаныч менен ойноп жатышканына шарт түзүлгөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
Венера Шонкоева