Красная Речка айыл аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылышына Ысык-Ата районунун администрациясынын башчысы Алмазбек Осмонов катышты.

Имарат 62 жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Үстүбүздөгү жылы дем берүүчү грант аркылуу жалпы 3 млн 733883 сом акча каражаты бөлүнгөн, анын ичинен 1 млн 515 миң сом жергиликтүү бюджеттен берилген.


Аталган үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 11 медицина кызматкери эмгектенет. Имараттын оңдоодон кийинки абалы менен аким Алмазбек Осмонов таанышып, медкызматкерлерге ыраазычылык кат тапшырып, жаңы жылда жаңы имаратта калктын саламаттыгына кам көрүүдө ийгиликтерди каалады.
Венера Шонкоева