Кыргызстандагы эн орчундуу көйгөйлөрдүн бири бул-жашы жете элек кыздардын эрте никеге туруусу. Ата-эненин кыздардын келечегине кайдыгерлик кылуусу. Талкаланган тагдырлар. Ажырашуунун санынын көбөйүшү. Бул көрсөткүчтөр мамлекеттин экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө да залалын тийгизип келет.

Гендердик эксперт Бакен Досалиеванын айтымы боюнча Кыргыз Республикасынын бардык облустарында 2016-жылга чейин жаш кыздарды күйөөгө берүү көрүнүшү күчөп кеткен. Анын себеби материалдык жана экономикалык жактан үй-бүлөнүн абалынын начардыгы болуп эсептелинет.
Көп балалуу үй-бүлөлөрдө “Баары бир кыздар турмушка чыгат” деп окутууга кызыктар болгон эмес.

Төрөт учурунда энелердин өлүмүнүн саны көбөйгөн. 18 жашка чыга элек жарандардын никесин мамлекет тарабынан каттоого алынбагандыктан жарандык нике менен гана жашап келгендердин арасында ажырашуунун саны да көбөйгөн.
Бул көрүнүштөр көп каттала баштагандыктан, мыйзамга өзгөрүүлөрдү киргизүү чечими чыгарылган. 174-берене боюнча жашы жете электерди күйөөгө берүү, ала качуу сыяктуу көрүнүштөр менен мыйзамды бузган деп нике кыйган адам, кыздын ата-энеси, ала качкан жигиттин жашы 18ден өйдө болсо үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Мыйзам чыккандан кийин, жарандык коомдун өкүлдөрү алыскы региондорго чейин барып масштабдуу маалыматтык кампания өткөргөндөн кийин, өзгөрүүлөр болгон. 2016-жылы мыйзам кабыл алынса, 2019-жылы мыйзамдын аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүлүп, прокуратура кызматкерлери, сот кызматкерлери, дин кызматкерлери жана ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Жыйынтыкта, мыйзам бузуулар токтобой жатканынын бир себеби болуп, милиция, прокуратура кызматкерлери жаш кыздарга стереотиптүү көз караш менен “жашап кетет”, “төрөгөндөн кийин көнөт” деген сыяктуу мамиле жасагандыгы аныкталган.
Азыркы учурда эрте никеге туруунун саны 35%га кыскарганын айта алабыз. Бирок бул көрүнүш жоюлган жок. Ата-энелер кыздарды жашыруун күйөөгө беришет. Кээде кыздар алданып калат же “сүйүп калдым” деп турмушка тийген учурлар да бар.
Ал эми акушер-гинеколог Александра Котеняткина 18 жашка чейинки кыздардын никеге туруусу ден-соолугуна терс таасирин тийгизип жатканын билдирди. Кыздардын организми толук кандуу жетиле элек болгондуктан баланын мөөнөтүнө жетпей төрөлүү коркунучу бар.
Кээ бир учурларда төрөттөн кийин ден-соолуктун начарлашы жаш энелердин өлүмүнө алып келиши мүмкүн дейт. Жаш организмге күч келтирип, жыл сайын төрөгөнгө мажбурлагандар да болот. Бул учурда авитаминоз, анемия, фолий кислотасынын дефицити менен катар кыздар психологиялык жактан да жабыркашат, депрессияга түшүшөт.
2021-жылы чыккан Статистика комитенин маалыматы боюнча эрте никеге туруу азайууда. Никелердин эн көп саны 20-29 жаш курагында аялдардын (66%) арасында да, эркектердин арасында да (70%дан жогору) катталды. Ошол эле учурда ажырашуу денгээли жогору бойдон калууда. Алардын дээрлик ар бир бешинчиси ажырашууда жана 1000 никеге 222 ажырашуу туура келет.
Венера Шонкоева