Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

«Ак кемедеги» Нургазы мектеп балдары менен жолугушуу өткөрдү

9 Февраль 2023 год 19:33
Количество просмотров: 295

1975-жылы Болотбек Шамшиев тарткан «Ак кеме» киносунда баланын ролун ойногон актер Нургазы Сыдыгалиев Кант шаарындагы №3 мектеп-гимназиясынын окуучулары менен жолугушуу өткөрдү.

патп

Жолугушууда «Ак кеме» тасмасы көрсөтүлүп, андан соң актер өзү жөнүндө айтып берди.

Жаш күйөрмандар Нургазы Сыдыгалиевге суроо беришип, тасма жөнүндөгү кызыктуу фактылар жөнүндө да маалымат алышты.

7-классынын окуучусу Алия Азилканова бул иш-чара жөнүндө өз ою менен бөлүштү:

«Азыр актер 55 жашта экен. Тасма Ысык-Көл облусунда бир жыл бою тартылыптыр. Нургазы байке үчүн киного тартылууда эң оору кемеден кулап түшкөн жери болуптур. Актер флейтада ойногонду билет экен жана бизге ар кандай композицияларды ойноп берди.»

 

Венера Шонкоева