Уултай Ибраимова 33 жашта. Ал Жалал-Абад облусунун Тайгараев айылында туулуп өскөн. Мектепти бүткөндөн кийин Россияга туугандары менен иштегени келген жаш кыз башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөргөн. Азыркы убакта Уултайдын Москва шаарында өз алдынча бизнеси бар.

“Жумуш издеп жүрүп, орусча жакшы билгеним үчүн түрк ашканасына жумушка кирдим. Көп кыздар тил билбей кыйналганын байкайт экенсиң.18ге чыгып Орусиянын паспортун алган соң, гипермаркетке кассага жумушка кирдим. Ал убакта андай жумушка кирүү оңой эмес болчу. Анткени, 2005-жылдан кийин кыргыздар жаңы келе баштап кара жумуштарда эле иштечү. Сулуулук салонуна иштегени кирип, чач жасалгалоо, каш, маникюр, бизнес боюнча окууларды бүтүрдүм. «Москва ситидеги» алдыңкы салондордо 6 жыл эмгектенип, кийин өзүм салон ачтым.

Москвадагы «Айя» сулуулук салону
Бардык сулуулук кызматтарын көрсөтөбүз. Салонду иштеткениме 2 жыл болду. Командамда 15 мастер бар. Бул ишти баштоо оңой болгон жок. Патент алуу, ижарага имарат табуу, эмеректерди туура тандоо, бааларды туура коюу зарыл жана тажрыйбалуу мастерлерди алуу керек.
Москвада бизнес ачам дегендерге айтарым, сөзсүз ал адам ошол чөйрөдө эң аз дегенде 1 жыл иштеш керек. Бул убакытта бизнестин оң жана терс жактарын билип алат.
Москвада иштегениме 15 жыл болду жана мендей болуп өздөрү бизнес ачкан курбуларым, досторум да көп.

Биздин мекендештерибиз, өзгөчө кыз-келиндердин айрымдары жолдошу менен ажырашып, 2 баласы менен, 1 баласы менен калышса дагы чөгүп кетпестен, кайра күчтөнүп бизнес ачкандар да бар. Бир эмес экиден салон, авиакасса, кафе, клуб иштеткен мекендештерибиздин саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. 15 жылдан бери Кыргызстандан курут, сары май, казы-карта сыяктуу азыктарды алып келип сатып иштеген дагы бир эже бар. Үйүндө өздөрү бозо, жарма бышырышат. Бул дагы өтө кирешелүү бизнес. 3-4 квартира алышты.
Кыргыздардын көбү Москвадан квартира алып жатышат. Мен 5 жыл мурун 7 млн рублга квартира алгам. Ал убакта аябай чоң акча болчу. Жарымын төлөп, жарымын ипотекага алдым. Азыркы убакта ипотеканы толук жаптым. Азыр меникиндей үйлөрдүн баасы 12 млнго жетти. Айына 40-50 миң сом төлөп ижарада жашабастан, коркпой үйдү ипотекага алган жакшы демекчимин. Кийин үйүн сатам десе, үстүнө пайда да көрөт. Мен жашаган аймакта ондон ашык кыргыздар өз үйлөрүндө жашашат. Катташып турабыз, бири-бирибизге жардам берип турабыз. Шерине ойнойбуз.

Кызым бар. Аты Айназик. Салонду кызымдын атына койгом. 11 жашта. 5 жашынан баштап ырдайт, 7 жашынан баштап сахнага чыгат.

Москвада “Мурас-этно” театрын Бактыгүл Өмүралиева ачкан. Ал жерге 7 жаштан улгайган куракка чейинки мекендештерибизди окууга алышат. Концерттерди уюштуруп турушат. Кызым сахнага биринчи жолу ошол театрга чыккан. Пианино черте алат. Кыргызча, орусча, түркчө, англисче ырларды ырдап жүрөт. Айназик бардык иш-чараларга катышып, грамота, белексиз келбейт.»(күлөт)


Москвадагы “Мурас-этно” театрынын жетекчиси Бактыгүл Өмүралиеванын айтымы боюнча кыргыздын кыздары акылдуу, чыдамкай жана эмгекчил келишет дейт:
“Бөтөн элде жүргөн кыздарыбыздын ийгиликтерин көрүп сыймыктанып жүрөм. Ошол кыздарыбыздын бири Уултай өзү жалгыз эмгектенип жүрүп, татынакай кызын тарбиялап келет. Кызы Айназик абдан таланттуу, зээндүү, башкаларга үлгү бере турган кыз десек болот.”

Бактыгүл Өмүралиева Москвадагы «Мурас-этно» театрынын жетекчиси
Карантин маалында жана азыркы Орусиядагы абалга байланыштуу экономикалык кризистин кесепеттери бизнеси барларга тоскоолдуктарды жаратты. Жаш ишкер Уултай Ибраимованын айтымы боюнча Россиядагы мекендештерибиз Америкага, Европага кетип жатышат.
“Мен дагы азыр Сауд Аравия мамлекетине иштегени келдим. Москвадагы чогуу иштеген кесиптештерим Джидда шаарында сулуулук салонун ачышты. Бул шаар Меккеге жакын экен.

Джидда шаары
Бул шаарда башка сулуулук салон жок. Бизде маникюр, каш жасоо, чач кыркуу сыяктуу бардык кызматтын түрү бар. Биз кардарларды тейлөөнү жогорку деңгээлде жана профессионалдуу көрсөтүү менен тартып жатабыз.
Айымдар оронуп жүргөнү менен, өздөрүн карап, сулууланып жүрүүнү жактырышат экен. Майрамдарда аялдар менен эркектер өзүнчө отургандыктан, аялдар хиджапсыз, жакшы кийимдерин кийип, чачтарын жасатып, шаан-шөкөт менен эс алышат. Адамдар менен баарлашууда абдан сылык, жылмайуу менен көңүлүңө карап мамиле кылгандары абдан жакты.”

Орусиянын Статистика комитетинин маалыматы боюнча 2022-жылы Орусия мамлекетине буга чейин болбогондой мигранттардын келиши боюнча рекорд коюлган.
Бул жылы Армения, Өзбекстан жана Кыргызстандан 444миң мигрант келген.
Кыргыз Республикасынын статкомитети 2021-жылы чет өлкөгө биздин мамлекеттен 9 мин адам чыгып кетсе, анын 67.4% Орусияга кеткенин билдирет.
Венера Шонкоева