Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 6,8 миллион адам жашаса, анын 50,4% аялдар. 2020-жылы аялдардын жашоо узактыгы орто эсеп менен 76 жашты, эркектердики 68 жашты түзгөн.
Эркектердин жашоо узактыгынын кыска болушунун себебин билүү үчүн Республикалык психиатрия жана наркология борборунун дарыгер-наркологу Каниет Мамбеталиевага кайрылдык. Дарыгердин айтымы боюнча эркектердин арасында ден-соолукка зыян келтире турган ар кандай заттарды колдонгондордун саны аз эмес.

“InKoom» Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү” долбоорунун директору- Бактыгүл Исланбекова аялдардын пенсия курагына жетүүсү 90 пайызды түзсө, эркектердики 70 пайызды түзөт дейт.
Сергек жашоо образына өзгөчө көңүл бурган пенсиядагы жыгач уста өзүнүн активдүү жашоосунун жана бактылуу карылыктын сырлары менен бөлүшүп кетти.

Венера Шонкоева