Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган долбоор башталды

3 Март 2023 год 19:55
Количество просмотров: 132

2-мартта «Hyatt Regency» мейманканасынын конференц-залында “InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү” долбоорун ишке киргизүүнүн бет ачары болуп өттү.

Долбоор аялдарга, жаштарга жана балдарга зомбулук көрсөтүүнүн деңгээлин төмөндөтүүгө, ошондой эле укук коргоочу уюмдардын жана жеткиликтүү, көз карандысыз жана сапаттуу ресурстары бар ЖМКлардын санын көбөйтүүгө багытталат.


Бул иш чарада 80ден ашуун мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын, эксперттик топтордун, эл аралык уюмдардын, жалпы маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башкалар катышышты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева саламдашуу сөзүндө Кыргыз Республикасында аялдар менен эркектердин тең укуктуулугуна жетишүү өнүгүүнүн негизги максаттарынын бири катары таанылганын белгиледи. Бул таануу Кыргыз Республикасынын Конституциясында аялдар менен эркектердин бирдей укуктары, эркиндиктери жана бирдей мүмкүнчүлүктөрү принциби түрүндө чагылдырылган.

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Элчиси Мэрилин Йозефсон өз сөзүндө: “Европа Биримдиги тышкы иш-аракеттердин жана жалпы тышкы саясаттын негизги саясий максаты катары гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат.

Европа Биримдиги Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана жарандык коомунун аялдар менен эркектер, кыздар жана балдар үчүн бирдей укуктарды жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча аракеттерин буга чейин да колдоп келген жана мындан ары да колдойт”.

Долбоордун максаттары жана милдеттери менен «Социалдык технологиялар агенттиги» Коомдук бирикмесинин директору Кочорбаева Зульфия тааныштырды.
“InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү” долбоору басмырлоонун бардык түрлөрү менен, айрыкча аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүүдө жарандык коомдун, аялдар жана жаштар уюмдарынын потенциалын бекемдөөгө багытталган, ошондой эле гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары боюнча саясий диалогго көмөктөшүүгө активдүү катышуусун жана инклюзивдүү өнүгүүсүн камсыз кылуу, аялдардын чечим кабыл алуусуна алардын этникалык, диний тиешелүүлүгүнө жана майыптыгына карабастан, укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Ошондой эле:
• “Кыргыз Республикасындагы майыптыгы бар аялдар жана кыздар”;
• “Кыргыз Республикасында гендердик-сезимтал журналистиканы өнүктүрүү”
деген 2 негизги изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жана сунуштарын жарыя кылуу боюнча эксперттик топтордун презентациялары сунушталды.
Негизги изилдөөлөрдүн максаты – аналитакалык талдоо, ченемдик укуктук актыларды, расмий отчетторду жана статистикалык маалыматтарды изилдөө, ошондой эле сурамжылоолор/маектешүү жана фокус-группалар аркылуу максаттуу топтордон маалыматтарды, пикирлерди чогултуу аркылуу тематикалык багыттардагы учурдагы кырдаалды аныктоо жана талдоо.
Изилдөө аналитикалык бөлүктөн тышкары каармандардын – долбоордун максаттуу топторунун өкүлдөрүнүн, анын ичинде майыптыгы бар аялдардын, журналисттердин, ЖМКнын редакторлорунун, ЖОЖдордун журналистика факультеттеринин окутуучуларынын жеке окуяларын камтыйт:

Иш-чаранын материалдары Социалдык технологиялар агенттигинин вебсайтында жеткиликтүү: https://sta.kg/

Венера Шонкоева