8-март аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий тең укуктуулук үчүн күрөштө эл аралык тилектештигинин күнү. Гендердик өкүлчүлүк боюнча мыйзамдардын бардык талаптарына карабастан, Кыргызстанда аялдардын саясатка аралашуусу өтө төмөн бойдон калууда. Бул, биринчиден, эркектер менен аялдардын улуттук да, жергиликтүү деңгээлде да саясий ишмердүүлүгүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн теңсиздигин көрсөтөт.
Аялдар менен эркектердин өкүлчүлүгүндөгү теңсиздик мамлекеттик бийликтин бардык бутактарында жана чечимдерди кабыл алуунун бардык чөйрөлөрүндө белгиленет. Бул эң көп даражада саясий позициялардын деңгээлинде көрүнөт, мында аялдардын 2021-жылдын 1-январына карата үлүшү 24,3%ды гана түзгөн.Административдик кызмат орундарынын деңгээлинде аялдардын үлүшү жогорураак жана 39,9% түзөт.
Мындай көрсөткүчтөр Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) тарабынан колдоого алынган «Парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо шайлоо процесстеринин инклюзивдүүлүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоорунун алкагында «Социалдык технологиялар агенттиги» КБ тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде ачыкталган.
Андан дагы олуттуу теңсиздик жергиликтүү деңгээлде байкалууда. 2021-жылдын 1-январына карата саясий муниципалдык кызмат орундарынын болгону 3,3%ын гана аялдар ээлешкен, жана 36,7%ын — административдик муниципалдык кызмат орундарын аялдар ээлешкен.
Жогорку өкүлчүлүктүү орган — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ар дайым эркек депутаттардын айкын артыкчылыгы менен мүнөздөлүп келген, ал эми кээ бир мезгилде (2005-жылдагы шайлоо) аял депутаттар таптакыр болгон эмес.

ЖК фракцияларынын курамында, 2021-жылдагы шайлоонун алдында ошондой эле эркектердин пайдасына болгон гендердик теңсиздик байкалган. Ошентип, мисал келтирсе, 2021-жылдын 1-декабрына карата VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеште алты фракция болгон. КСДП – аялдардын өкүлчүлүгү боюнча максат катары коюлган 30%дик көрсөткүчүнө жакындаган жалгыз фракция болгон (27,3%). «Бир Бол» фракциясында аялдар таптакыр болгон эмес.

«Күйөөм башында менин депутаттыкка көрсөтүлүшүмө караманча каршы болгон, ал кезде ал Россияда эмгек миграциясында жүргөн болчу, күйөөмдүн үй-бүлөсү, анын ичинде күйөөмдүн ата-энеси ага түшүндүрүүгө мага жардам беришти, аягында ал макул болду. Бирок, биринчи убакта менин депутаттык ишмердигиме абдан скептикалык мамиле көрсөтчү, ал нерсе мени моралдык жактан тынчысыздандырган, мисалы, бирөө мага телефон чалып же мен иш боюнча жыйындарга же жолугушууларга барсам, көп суроолорду берип, мени Бишкекке квалификациямды жогорулатуу семинарларга барууга уруксат берчү эмес, менин командировкаларыма каршы чыкчу, бирок менин 2 бойго жеткен балдарым бар болуп, алар күйөөмдү көндүргөнгө же абалымды түшүндүрүп берүүгө жардам беришкен, азыр баары жакшы, ал мени колдойт жана чектебейт.»(аял-депутаттар жана талапкер аялдар менен болгон интервьюдан)
Ал эми Жээк айыл өкмөтүнүн депутаты Алтынчач Курбанова депутаттыкка күйөөсү менен кеңешип, анын макулдугу менен келгенин билдирди.

«Эгер ал макул болбогондо, мен депутат болмок эмесмин. Жолдошума аялдарга квота берип жатыптыр, аракет кылып көрбөйлүбү, сен жардам берсең жакшы болот эле десем, башында макул болбой жатып, акырындык менен көндүрдүм. Азыркы маалда айылдын турмушуна активдүү катышып, семинар, тренингдерге барып, жаңы нерселерди үйрөнүп жатам. Биздин айылда мурун жалаң эркек депутаттар болчу. Арасында бир-эки аял болсо, азыр бизде 6 эркек жана беш аялбыз.Аял депутаттар ар бир чечимге кылдаттык менен мамиле кылып,көптөгөн маселелер чечилүүдө.»
Министрлер Кабинетиндеги аялдардын саны жана үлүшү жөнүндө маалыматтар гендердик теңсиздикти күбөлөндүрөт. Ошентип, 2021-жылдын 1-декабрына карата Министрлер Кабинетинин 21 мүчөсүнөн болгону 1сү гана аял – ал Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — бул 4,8% түзөт.
Башка мамлекеттик органдарда да эркектерге басымдуулук болгону ачык. Ошентип, 2021-жылдын башына карата ал нерсе төмөнкү органдарда эң олуттуу болгон
• Мамлекеттик бажы кызматы (84,3%),
• Башкы прокуратура (79,8%),
• Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги (76,4%дан ашык),
• Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (72,9%),
• Эсептөө палатасы (72%дан ашык), жана башка органдарда.

Зульфия Кочорбаева
Муну менен катарда төмөнкү органдарда аялдардын саны басымдуулук кылат:
• Улуттук статистикалык комитетинде (73%),
• Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги (72%),
• Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (71%дан ашык),
• Саламаттык сактоо министрлиги (67%),
• Мамлекеттик каттоо кызматы (69%),
• Билим берүү жана илим министрлиги (57%дан ашык).
Социалдык технологиялар агенттигинин директору Зульфия Кочорбаева 8-март майрамы акыркы учурларда романтизацияланып кеткенине карабастан, майрамдын эң алгачкы маңызы бул аялдардын коомдогу тең укуктуулугу үчүн күрөш, эл аралык тилектештик күнү экенин белгилейт:
“Аялдар көп жылдар бою коомдо тең укуктуулукка жетпегендиктен, эркектер менен катар билим алуу, шайлоолордо добуш берүү үчүн күрөшүп келишкен. Азыркы тапта, Кыргызстанда деле мыйзамдарда берилген аялдардын бардык сферада өкүлчүлүгүн көбөйтүү үчүн атайын чаралар кабыл алынганына карабастан, эркектерге караганда аялдар аз болуп келет. Мисалы, биздин 2022-жылы жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгын карасак, Кыргызстандын саясатында аялдардын саны аз. Азыркы депутаттардын 21% аял депутаттар түзөт. Ошол аялдар экономикалык, социалдык жана саясий жактарда тең укуктуулукка жете электигинин эң алгачкы себептери бул-бизде коомдогу болгон стереотиптер болуп эсептелинет. Себеби, аялдардын лидерлигин коом колдобойт. Аялдар экономикалык жана башка себептер боюнча дагы эркектерге караганда эркин эмес. Себеби, ошол эле үй-бүлөдө же башка чечим кабыл алуучу органдарда дагы эркектердин өкүлчүлүгү көп болгондуктан, аялдардын кызыкчылыктары каралбай калат.Саясатта өзүнүн карьерасын жасайм деген аялдар дагы көп тоскоолдуктарга туш болушат: зомбулук,жеке мейкиндигинин бузулушу, ар кандай кол салуулар, коркутуу. Кысымга кабыл болгондон кийин, карьерасынан баш тарткан учурлар да кездешет. Биз сурамжылоо жүргүзгөндө, саясатка барууда эркек менен аял кандидатурасын койсо, ошол аялдын тажрыйбалуулугуна, анын билимине көңүл бурулбайт. Ал эми эркекке ал жаш, тажрыйбасы жок, билим деңгээли төмөнүрөөк болсо дагы көбүрөөк ишеним көрсөтүлүп, колдоого ээ болот.”
Венера Шонкоева