Өлкөнүн дээрлик ар бир мектебинде иш алып барган кыздар комитетинин максаты кандай? Өспүрүм кыздар мектепте билим алуудан тышкары кандай колдоо ала алышат? Мектептерде кыздар комитетинин түзүү кажети барбы? Ушул жана башка суроолор менен адистерге кайрылдык.
Айдаркан Молдокулов жалпы билим берүү орто мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Сейил Эдиль кызы кыздар комитетин жетектейт. Ал ар бир окуу жылдын башында жаңы комитет түзүлүп турарын айтат:

«Кыздар комитетинде 9-10-11- класстын кыздары кирет. Комитеттин максаты бул- кыздардын башын бириктирүү, кыздардын маселелерин кыздар арасында чечип алуу. Кыздар комитетинин планы окуу жылынын башында түзүлгөн. Ошол иш план боюнча иш алып барышат. Андан тышкары кыздар арасында тартип бузуулар же кыздар арасында келишпестиктер болгон учурда чогуу чечүүгө жардам беришет. 5-класстан 11-класска чейин кыздар кеңеши болуп турат. Лекциялар болуп турат. «Кыздардын өспүрүм кезиндеги өзгөчөлүктөрү», «Эрте никеге туруу», «кыз ала качуу» деген темаларда».

Кыздар комитетинин мүчөсү Нурияна Джаныбекова комитеттин ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө кыздардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу керек экендигин белгилейт.
«Мектеп парламентиндеги кыздар бардык иш-чараларга активдүү катышабыз. Андан тышкары, бизде кыздар чогулушу болуп турат. Ал жакта кыздар тартиби, тазалык жана формасы, өздүк гигиенасы жөнүндө айтылат».
Пенсионер Токтобүбү Акчубакованын небереси мектепте 5-класста билим алат. Ал мектепте кыздар комитети иш алып барары туурасында маалыматы бар жана муну туура деп эсептейт.

«Мектебинде кыздар совети бар экенин билем. Мурда Совет маалында да кыздар совети бар болчу. Ал кезде 2 жумада бир жалаң кыздарды чогултуп алып, өзүнчө маек курчубуз. Тартип бузган кыздардын маселелери каралчу, үлгү катары жакшы окуган кыздар жөнүндө айтылчу, ар кандай кеп-кенештер айтылып турчу.Азыркы мектептеги комитет да жакшы иштерди алып барышат. Майрамдык кечелерди уюштурушат».
Көпчүлүк мектептерде кыздар комитети кыздардын жүрүм турумун сынга ала турган, аларга тыюу сала турган органга айланып калганы туура эмес көрүнуш. Анткени өспүрүм курактагы кулк-мүнөздөрү, журум турумдагы физиологиялык өзгөчөлүктөр эске алынып, тескерисинче кыздардын кеңеш ала турган, колдоо таба турган уюмуна айланышы керек. Гендердик эксперт Салтанат Боромбаева мектептердеги кыздар клубтарынын ишмердүүлүгүн колдойт жана кыздарда психологиялык жана физиологиялык өзгөрүүлөр болуп жаткан мезгилде бири-бирине колдоо көрсөтүп, ой-пикир бөлүшүү үчүн аянтчалардын болушу аларга жакшы жөлөк болот дейт.

«Курагына жараша алар бири-биринин көйгөйлөрүн абдан жакшы түшүнүшөт. Демек, ошол аянтча аларга кеңири ой бөлүшүп, өзүнө керек болгон чечим алууга жардам бермек. Мисалы, мектептен тышкары кыздар үчүн уюмдар бар. Ал жерде кыздар ар кандай талкууларды жүргүзүшөт. Кыздар гигиенасы, айыз жөнүндө сүйлөшүүлөр, кыздар коопсуздугу, өзүн-өзү коргоо техникалары, өзүн баалоо, сыйлоо, башка кыздарга колдоо көрсөтүү. Ушул жана башка маанилүү темалар. Ушул клубтарда кыздар биригип, оюн катары, презентация катары мектептен тышкары болгон билимин жогорулатышат. Демек, ушуну мектептерге да алып келсе болот. Кыздар тилектештиги мектептен башталат».
Венера Шонкоева