Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Сүрөтбаян: Биз таза айыл үчүн!

1 Апрель 2023 год 5:21
Количество просмотров: 163

31-мартта Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында экомарафон өткөрүлдү. Марафондун алкагында айыл ичиндеги таштандылар чогултулуп, мектептин тегерегине Тянь-Шань карагайлары отургузулду.

Марафондун максаты-жаш муунду жана жергиликтүү элди айлана-чөйрөгө кам көрүүгө жана таштандыларды кайра иштетүүгө үндөө. 5-11 класстын окуучуларынын ичинен 20 катышуучудан турган команда түзүлүп, бир саатта айыл ичинен  пластик, кагаз жана целлофанды бөлүп чогултуп келүү тапшырмасы берилди.

 

Чогултулган таштандыларды таразага тартуу менен жеңүүчүлөр аныкталып, байгелүү орундар берилди. Программа боюнча «Тазар KG» командасы таштандыларды кайра иштетүү боюнча презентация көрсөттү. Катышуучулар футбол, волейбол, эстафета оюндарына катышып, мектеп жамааты тарабынан уюштурулган концерттик программаны көрүштү.

Бир күндүк марафон менен чектелип калбастан, пластикалык таштандылар үчүн мектептин аянтына эки эко челек орнотулду.

Демөөрчүлөр: «Томат KG» заводу, айылдык кеңештин депутаттары.

Венера Шонкоева