Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Дени сак жубайлар-дени сак балдар

13 Апрель 2023 год 16:16
Количество просмотров: 194

Үй-бүлө куруу бул- чоң жоопкерчилик. Ар бир инсан бул маселени кылдаттык менен пландаштыруусу зарыл. Ал үчүн жубайлар адистерге кайрылып, кеңеш алып даярданганы туура. Статистикага кайрылсак, 2021-жылы Кыргызстан боюнча 147 685 аял төрөсө, анын ичинен 77 617си аз кандуулук дарты менен болгон.

Кыргыз акушер гинеколог ассоциясынын президенти, КРСУ кафедрасынын профессору Арсен Аскеров үй-бүлөнү пландаштыруу бул- ар бир инсандын укугу дагы жана милдети, себеби жакшы репродукция болуш үчүн, кээ бир ооруларды алдын алуу үчүн зарыл болгон багыт экендигин белгилейт. Биринчиден, эркек уруктарынын сапаттуу болушу үчүн пландаштыруу ыкмалары керек. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстанда 83 пайызга чейин түйүлдүккө зарыл материал минералдардын, керектүү заттардын жетишсиздиги аныкталды. Бул заттарды эркек менен аял дагы топтоп туруп, анан тукумдандыруу болуш керек. Керектүү шарттар аткарылбаганы үчүн тубаса түйүлдүктүн өспөй калышы,ымыркайдын оорулары, майыптыгы бар ымыркайлар же төрөт учурундагы өлүмгө чейин алып келет. Ал эми атайын даярданган түгөйлөрдүн арасында мындай коркунучтар салыштырмалуу 3 төн 7 эсеге чейин аз болот. Ал үчүн түгөйлөргө дарыгер төмөнкүдөй кеңеш бермекчи:
-Бири-бирине ар тараптуу колдоо көрсөтүү;
-Туура тамактануу;
-Туура контрацепция каражаттарын колдонуу;
-Керектүү витаминдерди колдонуу.

“Мутакаллим” аялдар прогрессивдүү коомдук бирикмесинин окутуучусу Марьям Согушбекова үй-бүлөнү пландаштыруу бул- жубайлардын дени сак укум-тукум жаратууга жана багып өстүрүүгө болгон макулдашып кабыл алган чечими дейт. Ал өз учурунда эненин ден-соолугуна жана атасынын бардык тараптан: акыл-эс, физикалык, адеп-ахлак, руханий жана социалдык жактан толук кандуу тарбия бере ала турган мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ишке ашат. Ар бир адам үй-бүлө курууга же курбоого, ким менен жашоого өзүнүн мыйзамдын чегинде тандоо укугу бар. Үй-бүлө бул- ислам коомунда негизги социалдык, курамдык бөлүмү. Исламда үй-бүлөнү ыйык нерсе катары кароо мүнөздүү.

Мисалы, үй-бүлөлүк мамилелер, бири-бирин колдоо, түшүнүү, жыныстык мамилелер гана эле эмес, балдарга туура тарбия берүүнү да камтыйт.

Башталгыч класстардын мугалими Гүлүм Абылгазиева дайыма үйүндөгү маселелерди чечүү үчүн үй-бүлө мүчөлөрү менен кеңешип, чогуу чечим чыгырып келгенин билдирди.
“Үй-бүлө курууда биз биринчи жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүрүп, бири-бирибиздин мүнөздөрүбүздү толук түшүнгөндөн кийин, баш кошконбуз. Баш кошордон мурун, албетте, балалуу болсок, балдарыбызга жакшы тарбия берип, чоңойтсок деген пландар болчу. Мен анда 4-курста окуучумун. Окууну ийгиликтүү аяктап, Красная Речка орто мектебине орноштум. Азыр 2 эркек, 2 кызым бар. Үй-бүлөнү пландаштырууда, сөзсүз түрдө, жолдошум экөөбүз кандай гана иш болбосун, сүйлөшүп, акылдашып, оюбуз менен бөлүшүп, анан иш жасайбыз. Өзүбүздүн ден-соолугубуз жөнүндө сөзсүз түрдө кам көрөбүз. Балдарга пайдалуу деп, бакчага ар кандай көчөттөрдү отургуздук. Азыр неберелер да рахаттанып жеп жатышат. Балдар менен акылдашып, окутканга аракет кылдык. Генетика боюнча айтсак, мен жак дагы, жолдошум жак дагы эмгекчил, мүнөздөрүбүз да жакшы. Балдарыбыз да ак эмгеги менен акча таап, үй-бүлөлөрүн жакшы карап жашап жатышат.”

Кант шаарынын мектебиндеги тажрыйбалуу мугалим Зульмира Ходжомамбетова жаш муундарга адистер тарабынан үй-бүлөнү түүра пландоо боюнча кеп-кеңештерин берүү боюнча иш-чараларды уюштуруу зарылдыгын айтат:

“Бул чоң маселе. Үй-бүлөнү пландаштыруу ар бир үй-бүлөдө болуш керек.Өзүмдүн практикамда, жогорку класстарга сабак берип жүргөндө, кыздар менен класс жетекчи катары бул темада сүйлөшчүмүн. Үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча маселени мектепте жана ар бир ата-эне өспүрүм балдарга, кыздарга толук түшүндүрүп, сүйлөшүп туруш керек.Азыр айыл жеринде кыздар эрте турмушка чыгып жатышат. Жыл сайын балалуу болгондор да бар. Бул эненин да, баланын да ден-соолугуна терс таасирин тийгизбей койбойт. Сактануу маселесин билбей келишет. Үй-бүлөнү сактап калуу бул- көп балалуу болуу деген түшүнүк бар. Бул чоң жаңылыштык.
Менин кызым 16 жашта. Бул тема боюнча сүйлөшөбүз. Кызымдын ден-соолугуна кам көрүп турам. Ачык эле сүйлөшөм. Сактануу боюнча, кандай интервалда төрөш керек, эненин ден-соолугу, баланын ден-соолугу боюнча, кандай гигиеналык каражаттарды колдонуу керек, кандай витаминдерди ичиш керек экендиги жөнүндө талкуу жүргүзөбүз. Бул ар бир эненин милдети деп эсептейм. Ал үчүн мамлекет тарабынан, гинекологдор аялдар менен иштерди жүргүзүш керек. Мектептерде доктурлар кыздар менен маек жүргүзүү зарыл. Жашы жете элек кыздардын маалыматы жоктугунан ар кандай кокустуктар, эрте боюна бүтүү, аборттун санынын көбөйүшү же катар-катар төрөгөндөр сыяктуу көйгөйлөр бар.”

Венера Шонкоева