Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Аудио: «Кайненемди таштап кеткен жокмун»

30 Май 2023 год 16:07
Количество просмотров: 114

Кайнене-келин мамилеси актуалдуу маселе деп эсептешип, бул жаатта көптөгөн талкуулар жүрүп келет. Эмне үчүн бул маселе болуп калган, анын себеби эмнеде жатат. Бардык эле келиндер менен кайын эне тил табыша албай калбайт. Эл арасында келиндер кайын журт менен бирге жашагысы келбейт деген көз караш бар. Бул пикир бардыгына тиешелүү дегенди билдирбейт. Биздин  каарман турмушка чыгып 7 жыл чогуу жашагандан кийин, жолдошу каза болуп калат. Ошондой болсо да ал кайын энеси менен өмүр бою жашаган.

Айсалкын Урманбетова

«Апам экөөбүз чогуу жашап, 3 балага тарбия бердик. Кайненем айылга кадыры бар, сөзү өткөн, бардыгы сыйлаган аял болчу. Иш көп кылчу. Өзү ууз, чебер аял эле. Тон тигип, шырдак жасап, жер төшөктүн түрүн курачы. Экөөбүздүн ортобузда катуу уруш-талаш деле болгон жок. Ачуусу келгенде унчукпай эшикке чыгып кетчүмүн. Өзүм эле ал кишинин жасаган карап, сарамжалдыгын көрүп, ошондой кылганга аракет кылчумун. Апамдын айткан акыл сөздөрүн убагында маанисин деле көп түшүнчү эмес экенмин. Азыр эстесем, баары туура айтылган сөздөр экен. Азыр эми өзүм балдарга ошолорду айтып калам.

Шар киши эле. Айтчу сөздөрүн бетке айтчу. Кантип кайненеңден коркпой чогуу жашап жүрөсүң деп айтышчу. Мен кечигип калсам басып келе жаткан дабышымдан таанып күтчү. “Ии, келе жатат деп ойлоп койдум”деп айтып калчу.
Апамды жалгыз таштап кете албай койдум. Экөөбүз бири-бирибизге аябай көнүшүп калдык. 40 жыл чогуу жашадык. Көп жылга чейин баласын эстеп жүрдү. Мезгил өзү баарын таразалап ордуна коет экен. Өз колум менен апам 90 жашка чыкканда узаттым. Небере, чөбөрө көргөнгө жетишти.»

Психолог Астра Дуйшеева

«Ар бир үйдө тартип, жол-жобо, принциптер бар. Барган келин ошол үйдүн, б.а. “конституциясын” кабыл алып жашаса, жеңилирээк болот» дейт психолог Астра Дуйшеева.

«Келин дагы өзгөртүүлөрдү киргизем дегенде, ортодо келишпестиктер келип чыгат. Ар бир нерсеге убакыт керек. Ошол жерге көнүп, үйрөнүп кеткенге келинге колдоо көрсөтүп, сабыр кылып койсо болот. Кимди кандай көз менен караса, ошондой көрүнөт. Ар бир инсандын жакшы жактары менен мамиле кылса, ошондо эки инсандын ортосундагы мамиле бузулуусу азаят. Мисал үчүн, психологияда үч түрдүү мамиле бар:
1) мен + сен-
2) сен+ мен-
3) мен+ сен+
Ушул үчүнчү мамиле-эң туура мамиле. Жакшы жактары менен мамиле кылуу. “Сен бул нерсени кыла алат экенсиң, мен бул нерсени кыла алат экенмин” деп эки жактан бири-бирин тааныса, бири-бирин өз калыптарына салбай  кабыл алса, ошондо мамилелер жакшы жакка өсөт.

Ар бир адам өзүн таанып, өзүн кабыл алганда башкалар менен дагы мамилеси жакшы болот. Милдет кылып жакындарыбыздан бир нерсе талап кылуунун ордуна мүмкүнчүлүктөргө жараша ар бир үй-бүлө мүчөсү иш аткарып жаңы келген келинди колдоо маанилүү.

Венера Шонкоева