Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Кыргызстанда иштеп 70 миң сомго чейин айлык алса болот

13 Июнь 2023 год 13:25
Количество просмотров: 124

Биздин мамлекетте айыл чарба менен катар жеңил өнөр жайы, туризм сыяктуу тармактар дүйнөлүк деңгээлге чейин таанылып, күндөн-күнгө өнүгүүдө. Эл аралык стандартка жооп берген товар чыгарып, сапаттуу тейлөө көрсөткөн Кыргызстанда жумушчу орундар жетиштүүбү?

Исламбек Асанов 17 жашта. Ал “Эл Ордо” ресторанында ашпозчу болуп иштейт. Исламбек 9-классты бүтүп, ашпозчунун окуусуна тапшырып, окууну ийгиликтүү аяктаган соң иштей баштаган. Жаңы иштеп баштаганда, күнүнө 300 сом айлык алып, бара-бара күнүнө 500, 700 1000 сомго чейин жеткен. Бул жумушту өзү жактырып тандап алганын айтат.

Самат кийим тигүүчү цехте бир жылдан бери иштейт. Анын айтымы боюнча Кыргызстандын жеңил өнөр жайы аябай жакшы өнүгүп, көптөгөн адамдар ушул жумушта иштеп жакшы акча таап жатышат. Кыргызстанда миграция күч алып, мекендештер Россия, Европага кетип жаткандыгы Саматты өкүндүрөт.

“Мен ошол кетип жаткан жарандарыбызга кайрылат элем. Кыргызстандан жумуш издеп үйрөнсөк болот экен. Мен дагы кетсемби деп ойлончумун. Кээ бир адамдар кийим тигип иштегенден намыстанышат. Бул жакшы жумуш, акчасы да жакшы.
Жаңы үйрөнгөндө кыйынчылыктар болот. Туура эмес тигип алып, жай тигип жетишпей калган учурлар болду.Жаңы баштаганда жумасына 5 миң сом айлык алчумун. Кошулуп отуруп азыр жумасына 20-30 миңге чейин айлык алам. Айына 70 миңге чейин жетет. Азыр тигүүчү цехтерде ыңгайлуу шарттарды түзүп беришет. Бекер жатакана беришет, айлыкты убагынан кечиктиришпейт. Биздин цехте 50 адам иштейт.
Менин жогорку билимим бар. Искусство тармагында окугам. Айлык аз деп малекетти күнөөлөп отура бербей, кошумча жумуш таап иштеш керек экендигин айтар элем.”

Гендердик эксперт Бакен Досалиева азыркы учурда кесип тандоодо жаштар көбүнчө IT технология тармагын тандап жатышат дейт. Ошол менен катар эркектердин арасында ашпозчулар, тигүү цехтеринде бычмачы, тикмечи болуп иштегендер да көп. Бул жумушту алар убактылуу маянасы көбүрөөк жумуш катары карашат. Мурда “аялдардын кесиби, эркектердин кесиби” деп карашса, азыр андай түшүнүк жок. Крановщик болуп иштеген кыздар деле бар. Азыркы замандын талабына ылайык эркек аял дебей иштеген сфералар көп. Мисал үчүн, эркектер визажист, чач тарач, косметология, пластикалык хирургия сыяктуу ар кыл тармактарда жакшы ийгиликтерге жетишип, кардарларынын арасында аялдардын саны да аз эмес экени да белгилүү.
Жаштарга өздөрү каалаган кесипке ээ болууга көптөгөн факторлор терс таасирин тийгизет:

  • Ата-энелердин чечиминин үстөмдүк кылышы;
  • Коомдогу стереотиптүү көз караштар
  • Айлык маянанын аздыгы
    Кесип аялдыкы же эркектики деп бөлүнбөшү керек. Ар бир адам жөндөмүнө жараша , сүйгөн кесиби менен иштеши өз ишин билген мыкты адистердин көбөйүшүнө таасир берет. Өз кезегинде мыкты адистер экономиканын өнүгүшүнө да түрткү болоруна күмөн жок.

 Венера Шонкоева