Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Видео: Кош жылдыз-2023

15 Июнь 2023 год 21:08
Количество просмотров: 103

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси, райондук маданият бөлүмүнүн уюштуруусу менен «Кош жылдыз-2023» кароо-сынагы өтүп,баш байгеге ырчы Баян Жунусалиева менен Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев ээ болушту.

  •  1-орун Рыскалий Серибаев менен Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн бухгалтери Анархан Аюпова.
  • 2-орунду ырчы Бактыгүл Бокоева менен салык кызматкери Эрмек Оморов.
  • 3-орунду ырчы Жийде Мурат кызы менен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бек Жекшембаев багындырышты.

Кызыктыруучу сыйлык ырчы Эльзар Өскөнбаева менен 43-жол тейлөө ишканасынын башчысы Нурмат Ногоевге ыйгарылды.

Калыстар тобун республикалык «Кош жылдыз» кароо-сынагынын автору Калипа Сейдалиева жетектеди.
Сынакка райондук маданият бөлүмүнүн ырчылары менен райондук мекеме-түзүмдүн кызматкерлери катышты.