Балага туура тарбия берүү-ар бир ата-эненин максаты. Ошондой эле балдарды жакшы сөз менен чоңойтууга ар бир ата-эне милдеттүү.Жакшы сөз баланын мотивациясын көтөрүп, анын бактылуу жана моралдык жактан күчтүү болуусуна жардам берет. Эне менен баланын жана ата менен баланын ортосундагы байланышты күчтөндүрүп, сүйүү пайда кылат.

Кемин районундагы Кичи-Кемин айылынын мектебин бүтүп жаткан Айтурган Алтымышева жалпы тестирлөөдөн 195 балл алды. Ал буга чейин райондук олимпиадалардан да 1- орундарды багындырып келген. Айтурган ийгиликтерди багындыргандыгы үчүн атасы да энесинин да эмгеги зор деп билет.

«Бирок, ошол эле учурда атанын ролу башкача позицияны ээлейт деп ойлойм. Себеби, биз апабыздан аялзаты өзүн кандай алып жүрүшү керек, адамдар менен кандай сүйлөшүү керек, үйдөгү жумуштарды кандай кылыш керек экендигин үйрөнсөк, атам токтоолук менен сарэсеп салып, ойлонуп туруп, иш кылганды үйрөтөт.
“Ата-даңкы, эне-баркы- балага дем” демекчи, мен атамды, апамды үлгү катары алып, алардын кылган иштерин, башка адамдар менен болгон мамилесин, окууга, жашоого болгон көз караштарын карап, ушул жетишкендиктерге жетип отурам жана учурдан пайдаланып, атам менен апама ыраазычылык билдирет элем.»

Үч баланын атасы Эрдене Акчубаков балага туура тарбия берүүнүн жыйынтыктарын өз практикасында көрүп, үлгүлүү балдардын атасы, сый-урматка бөлөнүп турган чагы.
«Бала тарбиялоодо атанын да, эненин да салымы чоң. Анткени, “бала-тамырчы болот» деп коёт эмеспи. Өзүмдүн практикаман айта кетсем, балдарымдын ар бир кыймылына көңүл бөлчүмүн, калп сүйлөгөн жокпу, тескери жакка барган жокпу.
Бирибиз урушсак, экинчибиз урушкан жокпуз. Ошону менен бирге көп тыйбай, эркиндик да бериш керек экен. “Колуңдан баары келет, сен жасай аласың” деп дем-күч берип туруш керек, өзүнө ишеним берет экен. Кандай кыймылдаса да, мактап туруш керек. Билинбегени менен бала ошого көнүп калат.
Азыр да биздин ар бир кыймылыбызга көңүл бөлүп турушат. Кичинесинде кандай мамиле жасасак, азыр бизге дагы ошондой мамиле кылып турушат. Кыргызда сөз бар “уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың” деген. Мен ошол сөзгө терең маани берип калдым.»
Венера Шонкоева