Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары

17 Июль 2023 год 21:27
Количество просмотров: 102

14 июль күнү  «InKoom-Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында Чүй облусунун журналисттери, блогерлери, журналисттик ассоциациялардын өкүлдөрү үчүн гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары боюнча тренинг өткөрүлдү.

Журналисттер гендердик теңчилик маселелери, ошондой эле ЖМКлардын ишмердүүлүгүн гендердик аспектилери боюнча маалымдуулук жөнүндө кеңири түшүнүк ала алышты.

4 сессиядан турган окутууда стереотиптер, басмырлоонун түрлөрү жана ошондой эле гендердик сезимтал чагылдыруу боюнча эл аралык тажрыйбалар жөнүндө сөз болду.

Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө зомбулуктан жабыр тарткандарга зыян келтирбестен материалды туура тартуулоо талаптары айтылды. Зомбулук болгон жерден кандай  сүрөттөрдү  жарыялоо туура боло турганы жана зордук-зомбулуктан жабыркагандардан туура интервью алуу сыяктуу эрежелер жөнүндө кызуу талкуулоо болду.

Окутуунун жыйынтыгында журналисттерге «Гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары» методикалык колдонмосу менен катар сертификаттар тапшырылды.

Венера Шонкоева