Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Ар бир адам бактылуу болууга укуктуу

18 Июль 2023 год 13:24
Количество просмотров: 335

Ала качуу бул- кылмыш, адам уурдоо. 2021-жылдын 1-декабрында ишке кирген кылмыш жана жаза кодексине ылайык “адамды никеге туруу максатында уурдоо” боюнча 172-берененин негизинде кылмыш иши козголот. Анда “ала качуу” эмес, “адам уурдоо”,”адамды никеге тургузуу үчүн уурдоо” деп эки берене менен белгиленген.

Надира Абласова ала качуу же адам уурдоону өз каалоосуна эркиндик берүү деп эсептейт. Биз каалаган нерселерди жасай берсек, коомдо жашоо мүмкүн болбой калат. Кызды уурдаган баланын артында ѳзүнѳ ишенбегендиктен, башка чечим таба албагандыктан жана коомдун колдоосунун жыйынтыгынан келип чыгат:

“Бул жерде жѳн гана жансыз нерсени уурдабастан жаны бар адамды уурдап жатпайбы. Демек, жансыз нерсе менен жандуу нерсенин баалуулугун бирдей кабыл алгандык. Инсанды, башкача айтканда, бүтүндѳй бир кылымда жашай турган адамды, анын болочок балдарына, келечегине кол салуу эмеспи? Демек, адамды уурдоо кандайдыр бир кызды уурдагысы келгенде эмес, ѳз каалоолоруна эркиндик бергени деп эсептейм. Бул жашоодо адам бардык нерсени каалайт. Макул, эгер аялы менен күйѳѳсү тил табышып, жакшы жашап кетсе сүйүнѳсүң. Бирок, кѳпчүлүк учурда андай болбойт да. Ар бир үй-бүлѳдѳ уруш-талаш болот эмеспи. Ошондой уруш-талаш чыкканда эркек кишиге деле жаман болсо керек. Себеби, аял эркекти ѳмүр бою күнѳѳлѳйт. Эркек болсо, ала качпай эле койсом болмок дейт. Эркек ѳзүн алаксытуу үчүн ичкилике берилет же башка жагымсыз нерселер менен алектене баштайт”.

Улан Торубаев жубайы менен сүйлөшүп, чогуу бир чечимге келүү мене үйлөнүшкөн. Улан өзү да, жубайы да бул чечимди кабыл алуудан мурда ата-эне менен кеңешүү, өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек экендигин белгилешет.

“Ала качууга мен каршымын. Бул жапайычылык, караңгылык деп билем. Ар бир нерсе макулдашуу менен чечилиши керек. Аял кишиби, эркек кишиби, азыркы заманда тең укуктуулук болуш керек. Аял кишини басынтпаш керек. Ар бир адам өз теңин тандап, бактылуу болууга укуктуу.”

Кылыч Жекишовдун кыз-балдары үйлөнүп-жайланып, өз үй-бүлөлөрү менен жашап жаткан чагы. Ал ар бир адам өз жашоосундагы өтө жоопкерчиликтүү кадам- үй-бүлө куруу үчүн алдын-ала макулдашып алууну туура көрөт.

“Таш түшкөн жери оор”, “кыз жыргар жерине ыйлап барат”, “кыздын барар жери күйөө” сыяктуу эски түшүнүктөр туура эмес. Эки тарап макулдашуу менен, ортодо бир сезимдер менен турмуш жолу курулуш керек. Азыркы балдардын дүйнөгө болгон көз карашы башка. Менимче, нике келишимин түзүү зарылчылыгы бар. Ар ким өз талаптарын жана милдеттерин жазып, макулдашып алуу туура деп ойлойм.

2 кыздын апасы Назгүлдү кыздары өсуп жаткан сайын бул маселе ойлондурат. Сөзсүз эле кызы бар ата-эне эмес бардык жарандар муну ойлонуп терс кесепеттерин болтурбоо аракетин көрүүсү зарыл:
“Ала качууга каршымын! Бул жерде кыздардын укугу корголбой, эркине каршы турмушка чыгуу, кыздардын психологиясына терс таасирин тийгизет. Ала качуу мурда салт катары кабыл алышкан, бирок жылдан жылга бул нерсе азайып жатат. Ар бир эле кыз өз каалоосу менен турмуш курса бактылуу болот”.

Психолог Астра Дуйшеева мажбурлап никеге туруунун кесептери көп экенин айтат. Көпчүлүк учурда ал сыртынан көрүнө бербеши мүмкүн. Жакшы эле жашап жатышат деп ойлогон менен ал үй-бүлө ичинен бири -бирин кабыл албай өкүнүү, бири-бирин күнөөлөө, түрдүү чатактар орун алышы мүмкүн. мында өзгөчө чоңоюп жаткан балдарга терс таасири тийип калат:

“Ала качуу мурда кыргыздарда башкача болгон. Эки жаш үйлөнгүсү келгенде кандайдыр бир тоскоолдуктар болгондо, эки тараптын ыраазычылыгы менен эле эркек кызды ала качты кылып коюшкан. Бирок, кийин “ала качты”- “жула качтыга” айланып кетти десе болот. Тааныбаган эле кыздардын укугун тебелеп, жула качышып, үй-бүлө курушкан. Ушул жол менен курулган үй-бүлөнүн психологиялык абалы кандай болот. Ала качууда кыз эң биринчиден физиологиялык жактан дагы, психологиялык жактан дагы ошол турмуш куруучу жубайына даяр болуш керек, аны кабыл алыш керек. Бирок мындай болбойт экен.

Жолдошун кабыл албаган аял андан төрөлгөн балдарын дагы кабыл албайт. Кабыл алынбаган балага эне эч качан мээрим төгө албайт. Багышы мүмкүн, материалдык муктаждыктарын камсыздашы мүмкүн, бирок балдарды уруп-сабап, басынтуу менен чоңойтушат. Чыр-чатак көп болот.Өкүнүү, күнөөлөө, стресс, депресияга эне да, бала да дуушар болушат. Эгерде келечекте бакубат, мээрим төгүлгөн үй-бүлө курууну кааласа, сөзсүз түрдө эки тарап келишүү менен, ата-эненин ыраазычылыгын алуу керек. Келечекте психологиясы жабыркабаган үй-бүлө дагы, балдар дагы калыптанат.»

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча аялдар арасындагы үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин саны 2021-жылы- 8587, ал эми 2022-жылы-8347ни түзгөн. Демек, “ала качуу” боюнча 172-берене кабыл алынгандан баштап, үй-бүлөлүк зомбулуктун саны-240 га кыскарганы байкалып турат.

 

Венера Шонкоева