Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айылындаг жайгашкан «Ранчо» ишканасынын жетекчиси Данияр Джунушов 500миң сомдук сертификаттын ээси болду. Жеке ишкер мал чарбачылык, аары багуу жана туризм багытында иш алып барат.

Өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү багытындагы “40 РАЙОНДОН 40 ДЕМИЛГЕ” долбоорунун алкагында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоонун Ысык-Ата району боюнча жеңүүчүсү “Ранчо” агрокомплексинин ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана “Акылдуу ферма” башкаруу системасын ишмердүүлүккө жайылтуу инновациялык демилгесин жетектеген жеке ишкер Данияр Джунушовго аталган долбоордун негизинде республикалык бюджеттен 500 миң сомдук сертификат ыйгарылды.

Район башчысы Алмазбек Осмонов Сын-Таш айыл аймагында болуп, жеңүүчүнүн жасаган иштери менен жеринен таанышты. “Ранчо” жоопкерчилиги чектелген ишканасы дыйканчылык (мал чарбачылыгы, аарычылык, туризм) багытында ишмердүүлүгүн жүргүзүп, айыл чарба комлексин өндүрүү жана чарба калдыктарын кайра иштетүү боюнча иш алып барат.
Венера Шонкоева