Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл аймагында райондук маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган «Ыр кесе -2023» иш-чарасы болуп өттү.Иш-чарада айыл аймактын жашоочулары өнөрлөрүн тартуулап, кубулжута обон созуп, чимириле бийлешип, кыргыз элинин «Кыз узатуу» салтын сахналаштырып көрөрмандарга тартуулашты.

«Ыр кесенин» айыл аймактык деңгээлдеги тандоо туруна райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Клара Нарынбаева баштаган бөлүмдүн кызматкерлери калыстык кылышты.

Кесипкөй эмес, эл ичинен суурулуп чыккан элеттик өнөр ээлеринин «Ыр кеседе» тартуулаган талантына жергиликтүү көрөрмандары ыраазычылык билдиришип, иш-чара жакшы маанайда жыйынтыкталды.


Бул иш-чара “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө “Улуттук программаны аткаруу максатында “ ишке ашырылуула.
Ыр кесенин максаты-кыргыз элинин каада-салтын жаштарга жайылтуу жана айыл аймактар арасындагы улуттар ынтымагын, маданиятын, достук мамилелерин чыңдоо менен кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн жаштарга, кийинки муундарга жеткирүү, улуттук наркты сактоо менен эл арасынан чыккан таланттарды аныктоо болуп саналат.
«Ыр кесе» салтка ылайык коңшу Красная-Речка айыл аймагынын таланттарына узатылды.
Венера Шонкоева