Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Чүй: Адам сатууга каршы маалыматтык кампания башталды

26 Июль 2023 год 20:07
Количество просмотров: 100

Адамдарды сатуу курал-жарак жана баңги заттарын сатуу менен катар уюшкан кылмыштуулуктун, өзгөчө анын трансулуттук жагында кирешелүүлүгү боюнча үчүнчү деп эсептелет. Иштин мындай түрү адамдарды ар кандай: эмгектик, сексуалдык эксплуатациялоодон, органдарын алуудан жана башкалардан турат. Адамдарды сатуунун масштабын аныктоо өтө кыйын, анткени ал латенттик (жашыруун) мүнөздө.

Республикадагы татаал социалдык-экономикалык кырдаалга, экономиканын реалдуу секторунун жетишсиз өнүгүшүнө, жумушсуздуктун кыйла жогору деңгээлине байланыштуу Кыргыз Республикасынын көптөгөн жарандары өздөрүнүн турмуштук деңгээлин жакшыртуу үчүн жумуш жана жогорку эмгек акы издеп башка райондорго, шаарларга, өлкөлөргө кетип жатышат.
Көпчүлүк мигранттар чет өлкөдө жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү, чет өлкөлөрдүн аймагында жүрүү эрежелери жөнүндө жетиштүү маалыматтарга ээ эмес. Мигранттардын укуктук билими төмөндүгүн жана билбестигин пайдаланышып, криминалдык топтор аларды мыйзамсыз миграция жана адамдарды сатуу процессине тартышууда.

Чуй облусунун Ысык-Ата районунда  адамдарды сатууга күрөшүү күнүнө каратата маалыматтык кампания башталды. Жер жерлерде адам сатууну алдын алуу максатында жаштардын арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

 

Бул материал «Демге Дем медиа борбору» коомдук фондунун «Адам сатууну алдын алуу» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундулар жана пикирлер, авторлордун оюн ган билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин көз карашына дал келбеши мүмкүн.

 

Венера Шонкоева