Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Ивановка: Тамчылатып сугаруу боюнча талаа күнү белгиленди

26 Июль 2023 год 20:34
Количество просмотров: 63

Ысык-Ата районунун Ивановка айыл аймагындагы «Хияров Жума» дыйкан чарбасында райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын уюштуруусу менен тамчылатып сугаруу боюнча талаа күнү белгиленди.

Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Алмазбек Жумалиев, КРнын айыл чарба министрлигине караштуу механизациялоо, инновациялык технология жана кооперациялоо департаментинин директорунун орун басары Жыргалбек Бардыбаев, «Полив KG» компаниясынын өкүлү Чынгыз Бойконов, Айыл Банктын Ысык-Ата районундагы өкүлү, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бек Жекшембаев, айыл өкмөт башчылары жана райондогу фермер-дыйкандар катышышты.


Иш-чарада мезгилдин муктаждыгы болгон тамчылатып сугаруунун натыйжалуулугу жөнүндө маалымат берилип, тамчылатып сугаруу системасын түзүүнүн көйгөйлөрү талкууланып, талаа күнү дыйкан-фермерлердин тиешелүү тараптарга болгон суроо-жообу, тамчылатып сугаруу боюнча талкуу менен жыйынтыкталды.

Тамчылатып сугаруу- айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруунун алдыңкы ыкмаларынын бири. Сугат  суу түтүктөрдүн жардамы менен жүргүзүлөт. Суу өсүмдүктүн тамырына  жоготуусуз жетет жана суунун буулаануусу, жерге сиңип кетүү көлөмү кыйла кыскарат.

 

Венера Шонкоева