Кант шаарында жакырчылыктан чыгуу боюнча “Жаңы кадам” конференциясы болуп өттү. Конференциянын башкы максаты – социалдык келишим аркылуу жардам алуучулардын арасынан республикалык маанидеги “Жаңы кадам” съездине Ысык-Ата районунан делегаттарды шайлоо болуп эсептелет.

Конференцияга “Социалдык келишимдин” негизинде мамлекеттен 100 миң сомдон жардам алып чакан бизнес баштаган үй-бүлөлөр, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Осмонов, орун басары Нурбек Сагынбаев, райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Медет Азыков, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, айыл өкмөттөрүнүн жана Кант шаарынын социалдык маселелер боюнча адистери, айылдык кеңештердин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү катышты.

Иш-чарада “социалдык келишим” боюнча алган каражаты менен иш жүргүзүп, чакан бизнес баштагандар өз тажрыйбалары, жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары өздөрү өндүргөн продукцияларын көргөзмөгө алып чыгып, кайсы багытта иш алып барып жаткандыктары менен тааныштырышты.


КРнын Министрлер Кабинетинин “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” токтомунун негизинде “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 2022-2023-жылдары район боюнча 101 үй-бүлө 100 миң сомдон социалдык жардам алып, ар тараптуу чакан бизнестерин башташкан.


Конференцияда съездге делегаттар шайланып, катышуучуларга райондук маданият кызматкерлери тарабынан чакан концерттик программа тартууланды. “Социалдык келишим” долбоору боюнча мыкты иш алып барган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык маселелер боюнча кызматкерлерине “Ыраазычылык каттары” тапшырылды.