Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Кайрылман аялдар өз укуктарын коргоону үйрөнүштү

1 Август 2023 год 21:45
Количество просмотров: 91

Өлкө аймактарында иштеп жаткан жергиликтүү аялдардын кеңештери аялдардын укуктук, руханий, психологиялык өнүгүүсү үчүн бир топ иштерди аткарып келишет. Алар аялдарга ар тараптуу жардам берүү менен катар тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин жеңилдетип, мамлекеттин сапаттуу өнүгүүсүнө салым кошот.

Газпромдун мектебинде тарбия боюнча директордун орун басары Жамиля Абирова 2022-жылдан баштап Кыргызстан аялдар комитетинин Чуй облусу боюнча төрайымы болуп иштеп баштаган. Ал өз ыктыяры менен аялдар клубун түзүп, жардамга муктаждарга кеңешин берип келет. Жамиля аялдардын өнүгүүсүнө кичине болсо дагы өз салымын кошуу үчүн иш-чараларды өткөрүп келет.

«Кант шаарынын жергиликтүү бийликтери менен иштешип, Ысык-Ата районунун аялдар комитеттери менен иштерди алып барам. Аялдардын коомдогу ролун көтөрүү, лидерлик жактан өнүгүүгө жардам берүү, жардамга муктаж болгон аялдарга консультация берип жатабыз. Кыргызстан аялдар комитети жөнүндө маалымат тараш үчүн былтыр Интернациональное айыл өкмөтүндө “Ырыс алды-ынтымак” деген сүмөлөк кайнатуу фестивалын өткөрдүк. Фестивалга 1-май, Боз бармак, Жар Башы айылынын тургундары, аялдар, кыздар, балдар келип катышты. Ошондой эле Кант шаарындагы №2 Какиш Рыскулова атындагы мектеп-гимназиясынын окуучу кыздарын Бишкек шаарына тренинг семинарларга алып барып келдик. №2 мектептин мугалимдерине тренинг өттүм. Азыр биз мектептин мугалимдери, пенсияда болгон аялдар биригип Кант шаарынын аялдар клубун ачып,кеңейтип иштеп жатабыз.»

Аялдар менен иштешкен дагы бир “Жыпар” аттуу уюму Виноградное, Васильевка , Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Мирный айылдарында жашаган аялдар менен иштешет. Негизги топ кайрылман аялдардан турат. 1990-жылдары Таджикистандан келген кыргыздар. Гулида Бешкемпирова “Жыпар” фондунун куратору, психолог, тренер аялдарга ар тараптуу жардам берип келет.

Мындан тышкары маданий иш-чараларга да көңүл буруп, кинофестивалдарга, тарых музейине, гендердик теңчилик боюнча окутууларга да барып турабыз. Активист аялдарыбыз бар, аял депутаттар бар.


Кайрылман аялдардын арасындагы эң чоң көйгөй бул- ала качуу жана кыздарды эрте турмушка берүү. Куда түшүп, кыздын макулдугу жок эле үйлөндүрүшөт экен. Азыр аялдар менен иш алып баруунун негизинде жакшы жыйынтыктар болуп жатат. Кыздарын окуу жайларга окутуп, курстарга окутуп жатышат. Бир эжебиз кызын медайым кесибине окутту. Бул чоң жетишкендик деп ойлойм. Айылда ФАПта иштеп жатат. Азыр кайрылман аялдар өз укуктарын коргогонду үйрөнүштү.

Венера Шонкоева