Ысык-Ата райондук билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлик комитетинин тарабынан 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы менен мугалимдердин жайкы эс алуусу Ысык-Көлдө уюштурулду.

Райондук профсоюздук комитетинин тарабынан эс алууга ар түрдүү сынактын жеңүүчүлөрү болуп табылган, быйылкы окуу жылында активдүүлүгү менен айырмаланган мугалимдерине өзгөчө көңүл бурулду. Ысык-Көлдө жайгашкан “Ысык-Көл”, «Ала-Тоо» жана башка эс алуу жайларында 90 мугалим 3 күндөн эс алышты.

Жайкы эмгек өргүү мезгилине эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунан жолдомолор берилип “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Ысык-Ата”, “Жалал Абад” санаторийлеринде 37 кызматкер ден соолуктарын чыңдашты.
Тоң районундагы “Кызыл гвоздика” эс алуу борборунда райондук кесиптик бирлигинин бюджетинин эсебинен 82 кызматкери 3 күндүк эс алууда болушту. Эс алуу учурунда Каджи-Сайдагы «Ысык-Сууга», Жети-Өгүзгө, “Жомок” каньонуна барып эс алып жана “Манжылы-Ата” комплексине зыярат кылышты.

Эс алуу учурунда эки команда түзүлүп, кесиптик бирлик комитети тарабынан “Ыр кесе” сынагы уюштурулду. Мелдештин жыйынтыгында «Ысык-Ата Алга» командасы жеңишке ээ болду. Командаларга баалуу белектер тапшырылды. Андан тышкары, оюн зооктор уюштурулуп, эс алуучулар ыраазычылыктарын интернет сайттарына билдирүү жазышты. Жогоруда көрсөтүлгөндөн сырткары райондук профсоюздук комитетинин эсебинен 20 жоопту кызматкерлерине 3 күндүк эс алуу уюштурулду.

Ошондой эле, билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлеринин балдары жайкы каникулда Ысык-Көлгө акысыз эс алууга жөнөтүлдү. «Илим» дең соолукту чыңдоо лагеринде район боюнча жалпы 104 бала ден соолугун чыңдап, маданий-спорттук эс алуу менен көңүлдүү кайтышты.
Билим тармагындагы кызматкерлердин ден соолугун чыңоо боюнча иштер мындан ары да улантылат.
Венера Шонкоева