Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Ысык-Ата району: Жаңы окуу жылына даярдык.

10 Август 2023 год 10:39
Количество просмотров: 99

Ысык-Ата районунун жалпы билим берүү мекемелерин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жаңы 2023-2024- окуу жылына даярдоо иштери аткарылып жатат.

Район боюнча 54 жалпы билим берүү мекемелери бар. Анын ичинде 41 жалпы билим берүүчү орто, 2 толук эмес орто, 5 башталгыч, 5 жеке менчик, 1 атайын жатак мектеп бар.Бир мектептин жана бир  бала бакчанын курулуш иштери жүрүп жатат.

Боз-Бармак айылындагы 90 орундуу мектептин курулуш иштери жүрүп жатат

Интернационал айыл аймагына караштуу  Боз-Бармак айылында Катар кайрымдуулук фонду аркылуу жана Чүй облусттук өнүктүрүү фонду тарабынан мектеп курулууда. Ошондой эле Ново-Покровка айыл аймагында мамлекеттик бюджет тарабынан бала бакча курулууда.

Ивановка айыл аймагындагы Ивановка№3 башталгыч мектебине  Мамлекеттик бюджеттин эсебинен 150 орундуу кошумча имарат, Ысык-Ата айыл аймагына караштуу  академик А.Мурзалиев атындагы билим берүү мектебине Сауд өнүгүү фонду тарабынан 150 орундуу имарат, Логвиненко айыл аймагына караштуу Новопокровка №2 Н.Баранов мектеп-лицейине кошумча мамлекеттик бюджеттин эсебинен 225 орундуу мектеп жана Новопокровка айылындагы жаңы конушта Кайрымдуулук фонду тарабынан 250 орундуу жаңы мектептердин 2023-2024-окуу жылына эксплуатацияга берилет.

Новопокровка жаңы конушундагы 250 орундуу мектеп

«Келечек үчүн билим берүү» долбоору аркылуу райондун 8 жалпы билим берүү мекемелеринде 3 сааттык бала бакчалар үчүн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Венера Шонкоева