Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Мугалим Дубайга жолдомо утуп алды

14 Август 2023 год 12:24
Количество просмотров: 186

Ысык-Ата районунун Люксембург айылындагы Я.Я. Ваккер атындагы мектептин математика мугалими Бактыгүл Акматова «Санарип мугалим» курсун ийгиликтүү аяктап, Дубайга жолдомо утуп алды.

«Санарип мугалим» окуу курсу республика боюнча мугалимдерди 2019-жылдан баштап 5000ден ашык мугалимдерди онлайн жана офлайн окуудан өткөрүп, курста окуган мугалимдер арасында онлайн кароо сынак өткөрүп, алардын ичинен 200 мугалимди акысыз Дубай, Анталья, Ташкент, Алматы, Самарканд, Ыссык-Көл шаарларына ийгиликтүү жиберип келишет.

“Санарип мугалим” окуу курсунун мөөнөтү 1 айдан 3 айга чейин болот.
Жумасына 2 жолу. Бир айда 8 сабак болот.

Курста мугалимдер квалификациясын жогорулатуу менен катар өз билимдерин өркүндөтүп, санариптик технология жана психология жаатында билим алышат. Мындан тышкары юридикалык билим жана тил курстары окутулат.

 

Венера Шонкоева