2023-жылдын 26-августунда “Супара” этно-комплексинде Чуй облусунун “Аялда комитети” тарабынан уюштурлган “Аялдар клубунун” бет ачары болуп, “Кызыктуу адамдар” рубрикасынын алкагында “Жан дүйнө сырлары” аттуу ишкер аялдар менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга:
• Кыргызстандагы КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык кеңешинин алдындагы экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү Рыскулова Айгуль.
финляндиялык метод менен иштеген “Саншайн” бала бакчасынын негиздөөчүсү, “Курак” бизнесмен аялдар форумунун Башкармалыгынын мүчөсү Байтикова Маргарита;
• ишкер, экология кыймылы боюнча активист, жаштар боюнча долбоорлордун координатору Анастасия Кутепова;
• экономика илимдеринин кандидаты, психолог Назира Эсеналиева;
• астропсихолог, педагогика илимдеринин доктору Иренчиева Гульнура;
• психолог, онлайн консультация ишкер Нуржан Алыпсатарова келип, өздөрүнүн бизнестеги ийгиликтери жөнүндө тааныштырып, суроолорго жооп берип, жакшы маанайдагы баарлашуу болуп, Кант шаарынын “Аялдар клубунун” биринчи жолугушуусу эң жогорку деңгээлде өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кант шаарынын № 2 мектеби менен биргеликте жаш өспүрүмдөр үчүн экология боюнча мастер класс жана жыгач, темир боюнча скультура жасалып жаштарга үйрөтүү боюнча долбоорлор улантылат.
Андан тышкары “Аялдар клубунун” кийинки 3 жолугушуудагы темалары аныкталып, кече жакшы ийгиликтерге максат коюу менен жыйынтыкталды.
Венера Шонкоева