Ысык-Ата районунун Кант шаарында жайгашкан балдар патранаттык — адаптациялык борборунда 23-сентябрь «Мамлекеттик тил» күнүнө карата “Тилибиз-биздин дилибиз!” деген темада иш–чара өткөрүлдү. Бул иш-чаранын максаты- кыргыз тилди өнүктурүүнүн негизинде балдарды кыргыз тилинде сүйлөөгө, кыргыз элинин үрп –адаттарын, оюндарын , тамак ашын баалап–барктоого уйрөтүү.
Бул иш-чарада кыргыз мамлекетибиздин жети облусунун салт-санаасы, андан тышкары кыргыз элинин оюн-зооктору , ырлары бийлери жана Ч.Айтматовдун “Ак-кеме” чыгармасынан “ Бугу-Эне” уламышынын үзүндүсү көрсөтүлдү.
«Умут» балдар патранаттык — адаптациялык борбору Ысык-Ата районундагы, Кант шаарында жайгашкан . БПАБ мекемеси балдарды окутууда инновациалык ыкма менен иш алып барат. Бул мекемеде тобекелдик тобу балдары , жарым жетимдер жана томолой
жетимдер тайпалары бар. «Балдарды сактайлы» (Дания) эл аралык
уюм менен биргеликте социалдык жактан аялуу балдар учун борбор түзүлгөн.
Борбор райондук мамлекеттик администрациясынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо комиссиясы, балдар иштери боюнча жана борбордук оорукана, райондук билим берүү бөлүмү, Кант шаарынын мэриясы менен биргеликте иш алып барат.

«Умут» борборунун балдарга билим берүү уюму 4 багытта иштейт:

Окуу жылынын башындагы балдардын жалпы саны болжол менен 225ти түздү. Борбор бала бакчанын имаратында жайгашкан. Имарат 2 кабаттуу типтуу имарат, 1987-жылы курулган.
Балдар билим беруу мекемесинин базасында алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген катышуучуларды тартуу менен тренингдер жана семинарлар өткөрүлүп турат.
Борбордун кызматкерлери иш тажрыйбасы менен алмашуу максатында семинарларга жана практикаларга катышып келишет. Борбордо эң тажрыйбалуу кызматкерлер иш алып барат. Андан тышкары бул борбордо логопед , психолог да бар.
Венера Шонкоева