Гүлзар Дүйшенбекова майыптыгы бар адамдамдардын укук коргоочусу. Ал Кыргызстанда ООНдун Майыптыгы бар адамдардын укугу жөнүндө конвенцияны ратификациялоого жана жогорку окуу жайларга майыптыгы бар адамдарды кабыл алууда босого баллды төмөндөтүүгө өз салымын кошкон.

Гүлзана Жаркынбаеванын «Биз барбыз» долбоору
“2002-жылы 25 жашымда мас айдоочунун айынан жол кырсыгына кабыл болгом. Улуу балам 6 жашта, кичүү балам 3 жашта болчу. Көп өтпөй жолдошум каза болуп калды. Бул кырсыктан кийин 5 жыл жашоом адаптацияга кетти.Эки стресс бирдей алып, кыйналдым. 2007-жылы протездик ортопедиялык заводдун реабилитациялык борборуна жатып, өзүмө келдим. Ал жерден”Майыптыгы бар аялдардын ассоциациясынын” президенти Асипа Мусаева менен таанышкам. Асипа эже аркылуу биринчи семинарга бардым. Кол өнөрчүлүк менен алек боло баштап, Сүймөнкул Чокморов атындагы колледжге тапшырдым.Түрктөрдүн кооз байпактарын токучумун. 13 жыл бул иш менен каражат таап келдим.
2010-жылы JICA жапон уюму менен иштешип жүрүп, “Орто Азиядагы майыптыгы бар адамдардын укуктарын кеңейтүү жана интеграциялоо” программасына катышып, Японияга 1,5 айга стажировкага барып келдим. Келгенден кийин көптөгөн коомдук иш-чараларга катыша баштадым.

Балдарым азыр улуусу 27 жашта милицияда иштейт, экинчи балам 24 жашта мигрант. Жогорку окуу жайда билим алышкан.Балдарымды чоңойтуш үчүн көп жерде иштедим. 3 ай Turmush.kg сайтында Чүй облусу боюнча регионалдык журналист болуп иштедим. 2015-жылы проект менен бир ай окуп, үйдө отуруп кантип акча тапса боло турганын үйрөндүм. Ушул күнгө чейин орусчадан кыргызчага ар кандай документтерди которуп иштейм. 2018-жылдан 2022-жылга чейин “Кумтор-Голд” компаниясында орусчадан кыргызчага котормочу, андан тышкары Укей Мураталиеванын «Нази кыз» коомдук уюмунун долбоорунда иштедим. Мектептерге, университеттерге барып, майыптуулук боюнча сабактарды өтүп жүрдүк. Шаарды аралап, майыптуулук жөнүндөгү буклет,кагаздарды таратчумун.

«Бирге көтөргөн жүк жеңил болот» долбоору
2018-жылы Эл аралык уюм конкурска катышууга сунуш кылды. Англиядан келип менин жашоом жөнүндө видео тартып кетишти. Мен аркылуу биздин өлкөдөгү майыптуулугу бар адамдардын көйгөйлөрүн жеткирүү максат болчу.

Париж 2018-жыл
Бул долбоорго катышкандан кийин, мага көп өлкөлөрдөн каттар келе баштады. 45 кг кат алып келишти. Малайзия, Англия, Канада, Украина айтор дүйнө жүзүнүн ар тарабынан келиптир. Видеолорумду Японияда, Швейцарияда көрсөтүшүптүр, башка өлкөлөрдө менин сүрөтүмдү автобустадын сыртына жайгаштырышыптыр. Биздин парламентке да миңден ашуун каттар келиптир.

Гүлзарга дүйнө жүзүнөн 45 кг кат келген
Майыптуулугу бар адамдардын союзу “Равенство” уюмунда 3 жыл PR-менеджер, администратор болуп иштедим. Ошол кезде көп кыздарды коомго чыгардык. Кыздардын ичинде Роза Бегалиева ишкер айым, өзүнүн “Роза” деген салонун ачкан.

Париждеги Эл аралик саммитте
2018-жылы Эл аралык саммитке барып келгем. 160 өлкөдөн укук коргоочулар барды, майыптуулугу бар адамдардан мен эле барыптырмын. Ал жакта “Адвокаттардын үйү” деген уюмдан “Адам укугун коргоого кошкон салымы үчүн” деген медаль тапшырышты.
Дүйнө жүзүндөгү көп адамдардын колдоосу менен, тилектештиги менен, биздин күчтүү активисттердин жардамы менен биздин күрөшүбүз ийгиликке жетип, 2019-жылы 14-мартта Сооронбай Жээнбеков майыптыгы бар адамдардын укуктуры жөнүндөгү ООНдун Конвенциясын ратификациялоого кол койгон.
Пандемия учурунда майыптыгы бар адамдарга жардам көрсөтүү максатында өзүм “Жарыктык” фондун ачтым. Тренингдерди, мастер-класстарды, smm-курстарды өткөрө баштадык. 2022-жылы Социалдык өнүгүү жана миграция министрлигинен Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн майыптыгы бар адамдарга жана улгайган адамдарга юридикалык,психологиялык, социалдык жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик заказ алып, бир жыл иштедим.

Азыркы учурда, Борбордук шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин штаттан тышкаркы котормочусу болуп иштейм.

Борбордук шайлоо комиссиясынын колл-борборунда кызматта
2020-жылы мектепти бүткөнүмө 27 жыл болгондон кийин, Жалпы республикалык тест тапшырып, 103 балл алдым.Алган баллым босого баллга жетпей калды. Себеби, курстарга барып, даярданганга мүмкүнчүлүк болбоду. Биринчиден, транспорттук каражаттын жетишсиздиги, экинчиден, шаардагы имараттардын кире бериши майыптыгы бар адамдарга ылайыкташтырылбаганы тоскоолдук жаратты. Биздин жогорку окуу жайлар да майыптыгы бар адамдарга ылайыкташтырылбаганынын, окууга талап башкалар менен катар бирдей экенин өз көзүм менен көрүп, ызаландым. Статистиканы изилдесем, Кыргызстанда жылына 23 майыптыгы бар бала жогорку окуу жайды бүтүрөт экен. Ал эми майыптыгы бар адамдардын саны Кыргызстан боюнча 200 миңди түзөт. Чет өлкөдө майыптыгы бар адамдарга босого баллдарды төмөндөтүү практикасы бар экен. Мен укук коргоочу Эржан Кайыпов менен бул практиканы биздин мамлекетке киргизүү сунушу менен Билим берүү министрлигинен кайрылдык.Бир нече күндөн кийин жогорку окуу жайга тапшырууда министрлик майыптыгы бар адамдарды ЖРТ боюнча 100 балл менен бюджеттик орунга кабыл алуу боюнча буйрук чыгарды. Буйрук чыккандан кийин, Кыргызстандагы эл аралык университети “Юриспруденция” факультетине дистанциондук окууга бюджеттик негизде кабыл алышты.”

Гүлзардын алдыга койгон максаттары көп. Окуусун ийгиликтүү аяктоо, “Жарыктык” уюмунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, эл аралык деңгээлдеги долбоорлорду иштетүү. Ал шаардын четиндеги айылда жашагандыктан, борборго келип-кетүүдө тоскоолдуктар жаралат. Ошол себептен, шаарга көчүп келүүнү пландаштырууда.Шаардын ичинде коомдук транспорттордо майыптыгы бар адамдар үчүн шарттар түзүлгөн эмес. Гүлзар автоунаа алып, айдаганды үйрөнүүнү кыялданат. Бирок, учурда анын бул кыялын орундатууга каражаты жок болуп жатканын белгилейт. Гүлзар Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдардын жашоо шарттарын өзгөртүү үчүн көптөгөн жемиштүү иш-аракеттерди жасап келет жана бул чек эмес. Алдыда анын көптөгөн пландары бар жана эч кандай кыйынчылыктар Гүлзарга тоскоолдук жаратпайт.
Венера Шонкоева