Ысык-Ата районунун жалпы билим берүү мекемелеринин алдыңкы окуучуларын «Манас», «Семетей», «Сейтек» уюмдарына кабыл алуу иш-чаралары уюштурулууда.
Уюмдардын максаты-балдардын инсандык руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүн, толеранттуулукка, кыргыз элинин баатырдык салттарын, баалуулуктарын көздүн карегиндей сактоого, жогорку билимдүү, коомду куруучу жаштарды даярдоо жана ынтымак, биримдикти бекемдөө, терең билим алуу жоопкерчилигин арттыруу.
Киргшелк айылынын жалпы билим берүү орто мектебинде окуучуларды уюмдарга кабыл алуу иш-чарасына чакырылган УТРК “Замана” студиясынын алып баруучусу, “Баластан” телеканалынын жомокчусу Нурдөөлөт Копоев уюмга кабыл алынган окуучуларга жагоо жана төш белгилерин такты.

Ал эми Буденовка айылынын жалпы билим берүү орто мектебинде уюштурулган иш-чарага Гиннесстин рекорддор китебине кирген белгилүү манасчы Рыспай Исаков катышты.
Венера Шонкоева