Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Москвадагы “Мурас-этно” театры кыргыз элине кызмат кылат

1 Октябрь 2023 год 21:20
Количество просмотров: 95

Бактыгүл Омуралиева биринчилерден болуп Москвада “Мурас-этно” театрын негиздеген. Жаш кезинен журналист болууну каалаган Бактыгүлдүн чыгармачылыкка болгон сүйүүсү негизги жумушунан тышкары бөтөн жерде иштеп жүргөн таланттуу мекендештеринин башын бириктирип, элге кызмат кылып келүүдө.

“Москвага келгениме 17 жыл болду. Башында көп эле кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Ошол татаал турмушта дагы өз ишин баштап кеткен айымдарыбыз бар. Сулуулук салон, ресторан ачкан жеке ишкерлерибиз бар. Биз келген 2008-жылдары Москвада иш табуу абдан оор болчу. Азыр мигранттар үчүн бардык шарттар түзүлүп жатат. Азыр келгендер биздей кыйналган жок. 2011-жылдан баштап мигранттар көбөйүп элчилик менен, Кыргыз диаспора менен иштеше баштаганда, өзүбүздүн улуттук этно иш-чараларга чыгармачыл адамдар керек болду. Мен ошол учурда “Мурас-этно»театрын ачайын деп, мигранттардын арасынан таланттууларды тандап ала баштадым. Кыргыз элимде өтө таланттуу адамдар көп экен. Бөтөн элде жүргөндө өзүбүздүн каада-салтыбызды башка элдерге таанытыш үчүн Кыргыз диаспорасы менен иштешип калдык. Фестивалдарга катышуу үчүн бизге группа керек болду. Ошентип театрдын ачылышын элибиз колдоп, кубануу менен кабыл алышты. Театрыбыз 5 жылдан бери иштеп келе жатат.Жаңы ачылганда 25 аткаруучу бар эле. Шартка байланыштуу азыр 14 эле аткаруучу калды Бизде: дастанчылар, бийчилер, актерлор,актрисалар,ырчылар, аккордеон менен ырдаган ырчылар, манасчылар, комузчулар бар.
“Мурас-этно»театрынын ырчылары улуттар аралык фестивалдарга катышып, байгелүү орундарды алып келишет. Заказ менен да иштейбиз. Москва шаарында улуттук каада-салт менен кыз узатуу, тушоо той, үйлөнүү тойлорду өткөрүү үчүн чакырышат. Бири-бирибизди колдоп, жакшылыктарга кызмат кылабыз. Тойлорду театралдаштырып алып барабыз.Биздин кызмат 25 миң рубльдан 1000 долларга чейин барат.Баасын адамдын санына жараша айтабыз. Эгер жөн эле ырчылар барса,”Мурас” театрынын алдында түзүлгөн “Мурас трио” деген группа бар. 15 миңден жогору алышат. Көп эле той ээлери арзаныраагын издешет. Бекер жар-жар айтып берем дегендер да бар.

Бир жолу той башталып, жар-жар айтканы даярданып жатканбыз. Ырчы кызыбыз метронун башка бетинен түшүп калып, бири-бирибизди издеп жүрө бериптирбиз. Тойго кечигип жатабыз, тамада чалып жатат “бир сааттан бери жар-жарчыны күтүп жатабыз деп. Такси айдатып алып издеп жүрүп, ал кызды таап келе жаттык. Таксинин айдоочусу мекендешибиз экен. Айлабыз кетип, машинанын ичинде кийине баштадык. Айдоочу деле таң калып, аялдамада тургандар да таң калып карашат. Алдыда отурган кызыбыз ошол жерде эле кийимин алмаштырып жаткан. Ресторанга жетип эле, форма менен түшүп барып, тойду баштап бердик. Саатыбыз чектелүү болуп калат. Жумуштан чыгып, тойлорго барып иштейбиз. Бир тойдон чыгып, башка тойго барабыз. Дагы бир кызык окуя болгон эле. Жумуштан шашып жатып, бир кесиптешибиз формасынын үстүн албай келиптир. Формабыз сары өңдө болчу,айлабыз кетти, мен ошол күнү сары водолазка кийип барыптырмын.Кырдаалдан чыгыш үчүн аны чечип,кызга кийгизгенбиз. Жумушта ушундай ар кандай учурлар боло берет экен. Орусияда орун алып, балдарды чоңойтуп, ийгиликтерге жетишип жатабыз. Мен эч качан Орусиянын элин, жерин жаман деп айткым келбейт. Абдан жакшы бизди колдойт, иш-чараларга катыштырат.Менин үч балам бар. Эки уул,бир кыз. Үч неберем бар.Жолдошум Кыргызнефтегазда иштейт. Балдарым Москвада жогорку окуу жайларын бүтүштү. Азыр Кыргызстанда кесиби менен жакшы жумуштарга орношуп, иштеп жатышат. Келечекте максатым бар, Кыргызстанда өзүбүздүн элибизге кызмат кылып, каада-салт менен тойлорду өткөрө турган чоң борбор ачсам дейм.

Ийгиликке жетиш үчүн замандын талабына ылайык, окуу менен жумушту айкалыштыруу керек. Эл менен иштешүүдө өзүмө көбүнчө пайдалуу кеңештерди, психологдордун сабактарын алам, өзүм да изденем, чыгармачылык менен алектенем. Ишти кандай кылып алып чыксак, сахналаштырсак элден колдоо алабыз, маанайын көтөрө алабызбы деген ой менен жана изденүү менен иш алып барам.
Кыйынчылыктар да көп болот. Өзүбүздүн репетиция кыла турган жерибиз жок болгондуктан, кыргыздар иштеткен кафе, ресторандарга барып даярданып жүрдүк.Азыр маданий борбор ачылган, ал жерге ижарасын төлөйбүз. Ар кандай сөздөрдү угабыз.»Ушул силерге керек беле, жөн эле жүрө бербейт белеңер» деген сөздөр көп болгон. Жумуш убактыбыз ар кандай болот. Кээ бирибиз 3 нөөмөттө иштейбиз. Бош убактыбызды пландаштырып, шартыбызга карап, репетиция кыла турган жерибизди ылайыктайбыз. Актер, ырчылардын көңүлүнө карап ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылам.


Уултай Ибраимова Москва шаарында сулуулук салон ачкан жаш ишкер. Анын айтымы боюнча бул театрдын ишмердүүлүгү Москвадагы кыргыздар үчүн абдан керек. Анткени майрам сайын чогулуп, ар кандай иш-чараларды өткөрүүдө уюштуруу иштери бир топ жеңилдейт:

“Кыргыздар чогулганда, оюн-зоокторду өткөрөбүз, кыргыз ырлары ырдалат, улуттук кийимдер, улуттук тамактар, улуттук стилде жасалгалоолор жасалат. Айтор, Кыргызстанда жүргөндөй эле болобуз. Тойлорду өткөргөндө казан, очокту да ижарага берген мекендештер бар. Койду да союп, жиликтеп жеткирип беришет. Айтор, бардык кызматтар чет өлкөдө жашасак дагы жеткиликтүү. »

 

Венера Шонкоева