Бүгүнкү күндө айыл жерлеринде үй-бүлө жана жумуш менен чектелип калбастан, коомдук иш-чараларга, коомдун аялуу катмарына да көнүл бөлгөнгө жетишип келген активдүү аялдар бар. Бүгүн ошондой активисттердин бири Назгүл менен таанышмакчыбыз.

Назгүл Сейталиева Төмөнкү Серафимовка социалдык стационардык мекемесинин эмгек инструктору жана маданият кызматкери, беш баланын апасы жана 3 неберенин таенеси. Кесиби боюнча чач-тарач болгондуктан, социалдык стационардагы ата-апалардын чачтарын, сакал-муруттарын алып, текшилеп турат.Назгүл балалык кыялында сахнага чыгып, эл алдында сүйлөгөндү жактырчу.Ошол кезде жогорку окуу жайды окуганга шарты болгон эмес. ага карабастан көптөгөн курстардан билим алып, коомдук иш-чараларга активдүү катышып келет.
Венера Шонкоева