Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Ысык-Ата районунда мугалимдер күнүнө арналган иш-чара өттү

5 Октябрь 2023 год 16:35
Количество просмотров: 81

Кант шаарынын А.Тойтоев атындагы маданият үйүндө 5-октябрь мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада мугалимдерге куттуктоолор айтылып, грамота, сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чарада Ысык-Ата районунун райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Осмонов, акимдин орун басары Нурбек Сагынбаев, Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бакашова, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздук комитетинин төрайымы Бактыгүл Тыныбекова жана Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев куттуктоо сөздөрүн айтышты жана ардактуу мугалимдерге, алдыңкы мугалимдерге грамота, сыйлыктар тапшырылды.

Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов

Ысык-Ата районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бакашова

Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн мыктысы» наамы менен 35 мугалим, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Ардак грамотасы»менен 54 мугалим, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Ардак грамотасы»менен 6 мугалим, КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы наамы» менен 5 мугалим, КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин «Ардак грамотасы» менен 7 мугалим сыйланды.

Иш-чара Б.Эдигеев атындагы «Ысык-Ата-Арашан» элдик фолклордук ансамблинин концерттик программасы менен коштолду.

«2023-жылдын мыкты мектеби» номинациясында 1-орун Кант ш. Д.П.Зубков атындагы №1 жалпы билим берүү орто мектеп-гимназиясы, 2-чи орун Жапаркул Алыбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектеби,
3-чү орун Ивановка б. башталгыч жалпы билим берүү мектеби сыйланышты.»2023-жылдын мыкты бала бакчасы» номинациясында
1-орун К.Курманов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин алдындагы мектеп ичиндеги бала бакча,2-чи орун №Алтын Балалык” №5 мектепке чейинки билим берүү уюму,3-чү орун “Наристе-Ысык-Ата” мектепке чейинки билим берүү уюму сыйланышты.

 

Венера Шонкоева