Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Красная Речка: «Улуттар аралык» фестивалы өттү

7 Октябрь 2023 год 22:41
Количество просмотров: 110

Ысык-Ата районуна караштуу Красная Речка айылында райондук мамлекеттик администрациясы менен Красная Речка айыл өкмөтүнүн уюштуруусунда JICA эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосу менен “Улуттар аралык достук” фестивалы өттү.


Фестиваль жергиликтүү маданиятты жайылтууга багытталып, Чүй облусунда туризмди өнүктүрүү боюнча кеңири демилгенин бир бөлүгү болуп саналат.
Фестиваль Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Марипа Байшембаева, Туризм департаментинин стратегиялык пландаштыруу жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Дастан Дайырбеков, JICA эл аралык агенттигигин өкүлдөрү, Этностор аралык мамилелер коомдук кабылдамасынын жооптуу катчысы Жумадил Турдубеков, райондук өнүктүрүү фондунун директору Самыйбек Эсенбеков, айыл өкмөт башчысы Бек Джекшембаев жана башка чакырылган коноктор, айыл тургундарынын катышуусу мененө өткөрүлдү.

Красная Речка айылына өзгөчө калорит берген 17 улуттун өкүлдөрү көп жылдан бери ынтымактуу жашап келишет. Фестивалда ар улуттун өкүлдөрү өз өнөрлөрүн жана улуттук тамак-аштарын, кол өнөрчүлүк жасалгаларын тартуулашты.

Белгилей кетсек, бул көп улуттуу айылдын аймагында орто кылымдарга таандык Улуу Жибек жолунун жээгиндеги байыркы Невакет шаарынан  археологдор 12 метрлик Будданын айкелин табышкан.

Венера Шонкоева