Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл аймагында Кыргыз Эл Баатыры, СССРдин эл артисти, Манас орденинин ээси,Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Мюнхендеги дүйнөлүк музыка академиясынын академиги, дирижер Асанхан Джумакматовдун 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарасы белгиленди.

Мааракеге КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев, Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков, коомдук ишмер Апас Жумагулов, Роза Айтматова, Дарика Жалгасынова, маэстронун замандаштары, жакындары,Чүй облусунун тургундары катышты.

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев

ЖК депутаты Акбөкөн Таштанбеков


Дирижер-корифейдин мааракесинде улуу инсан тууралуу замандаштары, жогорку жетекчилик тарабынан жакшы эскерүүлөр айтылып, маэстронун балачагы сахналаштырылып коюлду. Асанхан Джумакматов атындагы камералык оркестри, «Арашан» элдик ансамбли баштаган чыгармачыл топтун концерти катышуучулардын назарына тартууланды. Иш-чаранын алкагында спорт оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Ысык-Ата районунун ар бир айыл өкмөтү, Кант шаарынын мэриясы, андан тышкары Кемин, Чүй, Сокулук райондорунун боз үйлөрү тигилип, мааракеге келген конокторду жайыл дасторкону, нарк улаган улуттук жасалга, кол өнөрчүлүгү менен тосуп алды.


Венера Шонкоева