Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Актриса Алиман Жангорозованы эскерүү кечеси өткөрүлдү

8 Октябрь 2023 год 11:01
Количество просмотров: 122

7октябрь күнү Кинематография департаментинин залында кыргыз эл артисти Алиман Жангорозованын чыгармачылыгына арналган «Аял искусство жана кинодо» аттуу кече өткөрүлдү. Кече Кант шаарынын Аялдар клубунун «Керемет адамдар» рубрикасынын алкагында уюштурулуп, актриса Алиман Жангорозованын чыгармачылыгы жөнүндө тарбиялык мааниси бар даректүү фильм көрсөтүлдү.

Кечеге чакырылган белгилүү кыргыз эл артисттери, театр жана кино актерлор Назрет Дубашев, Гульсара Ажибекова, Жамийля Сыдыкбаева, Мурат Мамбетов жаш өспүрүм балдарга кино жана актриса Алиман Жангорозова  жөнүндө кенен маалымат беришти.

Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери жана Кант шаарынын К.Рыскулова атындагы № 2 мектептин окуучуларынын суроолорун узатышып, кызыктуу баарлашуу болду.

Келген коноктор Алиман Жаногорозованын кызы  жана неберелери тарабынан даярдалган көргөзмөнү  көрүү менен кино жана театр жана актрисанын чыгармачылыгы жөнүндө кенен маалымат алып кайтышты.
Кант шаарынын Аялдар клубу уюштуруу тобуна жана кинематорграфия департаментинин администрациясына көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

 

Венера Шонкоева