Бүгүн 25 -октябрь №3 Ивановка башталгыч мектебинде Ысык-Ата районунун билим берүү мекемелеринин жетекчилери үчүн «Акылдуу мектеп-келечекке карай кадам» аталышындагы семинар өзгөчө форматта өттү.
Семинарга Ысык-Ата районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакашова Чынара Кемеловна, бөлүмдүн адистери жана Ысык-Ата районунун жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. Мектептин мугалимдери орус тили, адабий окуу, кыргыз тили, математика, мен жана дүйнө, чтение сабактарынан ачык сабактарды көргөзүштү. Ар бир мугалимдин өзгөчө чеберчилик менен заманбап технологияларды колдонуп өткөн сабактары татыктуу баага ээ болду. Семинар катышуучулар үчүн уюштурулган эстафета жана таланттуу окуучулар менен мугалимдердин аткаруусундагы концерттик программа менен коштолду.






Венера Шонкоева