Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Видео: Ыр кесе-2023

29 Октябрь 2023 год 20:16
Количество просмотров: 63

Кыргыз Республикасынын маданият кызматкерлеринин күнүнө карата Ысык-Ата районунда райондук «Ыр кесе-2023» жыйынтыктоочу майрамдык иш-чарасы болуп өттү.

Эл ичинен тандалган таланттар көрөрмандарга өнөрлөрүн тартуулашты. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Алмазбек Осмонов маданият кызматкерлерине куттуктоосун жолдоп, Чүй облустук, райондук сыйлык-наам, Ардак грамоталарды тапшырды.
Райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Клара Нарынбаева, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев дагы маданият кызматкерлерин куттукташып, грамота, ыраазычылык каттарын тапшырышты.

Венера Шонкоева