Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Гапыр Мадаминов Красная Речка айылынын мугалимдери менен жолугушуу өткөрдү

10 Ноябрь 2023 год 19:07
Количество просмотров: 234

Ысык-Ата районуна караштуу Красная Речка айылынын жалпы билим берүү орто мектебинде белгилүү педагог, Манас орденинин ээси, эмгек сиңирген мугалим Гапыр Мадаминов  менен жолугушуу иш-чарасы болуп өттү.

Жолугушуу агайдын ата-энелер менен иштешүү, окуучуларды жалпы республикалык тестке даярдоо, жаш мугалимдерге жардам көрсөтүү, бала тарбиялоо ж.б туура ыкмалар менен иш алып баруу жөнүндө суроо-жооп, баарлашуу менен жакшы маанайда өттү.

Иш-чарага Красная Речка айыл аймагынын башчысы Бек Джекшембаев, Ысык-Ата райондук билим беруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бактыбек Талайбеков жана мектептин жамааты катышты.

 

Венера Шонкоева