Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Мектеп окуучуларына Түркиядагы ишкер айым жөнүндө презентация өткөрүлдү

2 Декабрь 2023 год 12:08
Количество просмотров: 78

2023-жылдын 1-декабрында Ысык-Ата районуна караштуу Красная Речка айылынын жалпы билим берүү орто мектебинин окуучулары Түркия мамлекетинде үч сулуулук салон жана Анкара шаарындагы эң ири окутуу борборду ачкан ишкер Мира Дөөлөталиева тууралуу презентацияга катышышты.

Жолугушууда Мира Дөөлөталиеванын Түркия мамлекетине миграцияга барып, бала багуучудан жеке ишкерликке чейинки басып өткөн жолу жөнүндө маалымат берилди.

Презентацияны өткөрүүнүн максаты:

  • чет өлкөгө миграцияга кеткен аядардын жетишкендиктери жөнүндө айтып берүү;
  • жогорку билим алуунун маанилүүлүгүн көрсөтүү;
  • өз укуктарын,мыйзамдарды жакшы билүү керек экенин көрсөтүү;
  • талыкпай иштөө менен койгон максатка жетишүү жөнүндө каармандын ишмердүүлүгү аркылуу жеткизүү.

Красная Речка орто мектебинин окуучусу Аксана Суйеркулова бул ишкер айым ага чоң таасир бергенин белгиледи. Тоскоолдуктарга баш ийбей, изденүү менен эмгектенүү Миранын көп ийгиликтерге жетишүүсүнө алып келгенин байкадым дейт. Аксана биздин мамлекеттен барып, Түркияда сулуулук тармагын өнүктүрүүгө өз салымын кошуп жаткан ишкер айым менен сыймыктанып жатты.

Ишкер айым жөнүндө толук маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыздар….

Мира Дөөлөталиева Түркия мамлекетиндеги үч сулуулук салон жана бир окутуу борборунун негиздөөчүсү