2023- жылдын 6- декабрында Ч. Айтматов атындагы Ивановка #1 мектеп- гимназиясында улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган «Кыргызымдын Чыңгызы-Кылымдардын жылдызы» аттуу көркөм адабий кече болуп өттү.
Иш-чарага Ысык-Ата районунун акиминин орун басары Сагынбаев Нурбек Табылдыевич, Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакашова Чынара Кемеловна, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Нарынбаева Клара Карыбаевна, райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Талайбеков Бактыбек Талайбекович, «Устат шакирт» коомдук фондунун мүчөлөрү, Ивановка айылдык кеңешинин депутаттары, райондун мектептеринин жетекчилеринин орун басарлары жана ата -энелер катышышты.

Алгач иш-чарага келген меймандарды ооз комуз, комузчулар топтору ыр, күүлөр менен тосуп алышты.
Мектептин жыйындар залынын кире беришинде Айтматовдун чыгармаларына арналган ийрим окуучуларынын түрдүү чыгармачылык иштеринин көргөзмөсү орун алып, келген адамдардын көңүлүн бурду.

Ал эми көркөм адабий кечеде көрөрмандар жазуучунун чыгармалары боюнча сахналаштырылган үзүндүлөргө, музыкалык чыгармаларга ж.б назар сала алышты.
Иш-чаранын аягында меймандар аткарылган иш боюнча ойлору менен бөлүшүп, мектеп жетекчилигине жана жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.
Венера Шонкоева