2023- жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында КР билим берүү жана илим министрлиги Россия мамлекетинин «Мир Восток» фонду менен өнөктөштүктө өткөргөн эл аралык «Россия жана Кыргызстан: достуктун жана ишенимдин аймагы» аттуу Кыргызстандын мектептеринин мугалимдер жана окуучулар арасындагы сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.

Сыйлык ээлери: Арина Зальцман жана Жанна Абдыкеримова
Сынакка Ч.Айтматов атындагы Ивановка #1 мектеп-гимназиясынын тарых мугалими Абдыкеримова Жанна Керимбековна жана 9- класстын окуучусу Зальцман Арина катышып, 1-орунга татыктуу болушту.
Сынактын шарты боюнча январь айында Абдыкеримова Ж.К. Москва шаарында квалификациясын жогорулатууга, ал эми Зальцман А. окуучулар үчүн уюштурулган экскурсияларга барууга жолдомо алышты.

мектеп жетекчисине ыраазычылык
Фонддун атынан Ивановка #1 мектептин жетекчиси Сартбаева Дарика Макешовнага Эл аралык конкурсту өткөрүүгө жана Кыргызстан менен Россия мамлекеттеринин достук жана кызматташуусун чыңдоо үчүн кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Венера Шонкоева