2024-жылдын 18-19-январында Ысык-Ата районунун окуучуларынын арасында республикалык (райондук) олимпиадасынын 2-этабы болуп өттү.

Олимпиаданын ачылышына Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Нурбек Сагынбаев, Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бакашова катышты.

Олимпиадага жалпы райондон 472 окуучу өз билимдерин сынашты.Олимпиада КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин «2023-2024-окуу жылында мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын өткөрүү жөнүндө» буйругунун негизинде жалпы билим берүүчү 10 предмет боюнча өткөрүлдү: математика, физика, информатика, химия, биология, география, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили.



Республикалык олимпиаданын 2(райондук) этабынын жыйынтыгы боюнча 6 мектептин окуучулары алдыңкы орундарды ээлеген:
Республикалык олимпиаданын 3(облустук) этабына Ысык-Ата районунан 38 окуучу катышат.