Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Ысык-Ата: 3 сааттык бала бакчалар балдарды кабыл алууга даяр

25 Январь 2024 год 10:12
Количество просмотров: 350

Бүгүнкү күнгө “Келечек үчүн билим берүү” долбоору аркылуу райондун 8 жалпы билим берүү мекемелеринде 3-саатык бала бакчалар үчүн оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп, толук аяктап, бүгүнкү күндө эмерек, жабдуулар түшүрүлүп ачылуу алдында турат.


— Сын-Таш айыл аймагына караштуу К. Курманов атындагы ЖББОМ;
— Сын-Таш айыл аймагына караштуу Ж.Алыбаев атындагы ЖББОМ;
— Ивановка айыл аймагына караштуу Ивановка № 4 башталгыч мектеби;
— Ивановка айыл аймагына караштуу А.Турсуналиев атындагы Ивановка № 2 башталгыч мектеп филиалы;
— Ивановка айыл аймагына караштуу “Наристе” бала бакчасы;
— Кочкорбаев айыл аймагына караштуу “Нур –Наристе” бала бакчасы;
— Ысык-Ата айыл аймагына караштуу академик Мурзалиев атындагы ЖББОМ;
— Ак-Кудук айыл аймагына караштуу “Бала-Кербен” бала бакчасы;Долбоор мектепке чейинки билим берүү программасын кеңейтүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, тарбиячылар менен мугалимдердин санариптик көндүмдөрүн, кесиптик квалификациясын жогорулатууга багытталган.

Долбоордун максат жана милдеттери мамлекеттин билим берүү тармагындагы саясатына түздөн-түз байланыштуу жана 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына шайкеш келет.Бир жамааттык бала бакча нөөмөтүнө жараша 50дөн 100гө чейинки баланы камтыйт. 3-5 жаштагы балдарга өнүктүрүү, окутуу жана социалдаштыруу кызматтары көрсөтүлөт, тамак жана уйку болбойт.

Мындай формат экономикалык жактан пайдалуу, эффективдүү жана Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» мыйзамына бала бакчанын бир формасы катары киргизилген. Кыска мөөнөттүү бала бакчаларга дидактикалык материалдар жана оюндар берилет, санитардык-гигиеналык шарттар түзүлөт.