Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Ысык-Ата районунун жана Кант шаарынын мугалимдеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

4 Октябрь 2024 год 8:24
Количество просмотров: 123

Ысык-Ата районунун жана Кант шаарынын жалпы билим берүү орто мектептеринин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара Кант шаарындагы А.Тойтоев атындагы маданият үйүндө болуп өттү.


Иш-чарага Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Омошев Эрмекбай Алянович, Кант шаарынын мэри Майлибашев Улан Бекболотович, Ысык-Ата  райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакашева Чынара Кемеловна, райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздук уюмунун төрайымы Тыныбекова Бактыгүл Качиевна, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери, жана ардактуу мугалимдер катышты.


Майрамдык иш-чара мугалимдерди салтанаттуу түрдө куттуктап, кылган аракеттерине ыраазычылык билдирүү менен мугалим деген наамды ыйык тутуп, ак ниет кызмат кылган, балдарды сүйүү менен ишине дилгир мамиле кылган мугалимдерге сый урмат көрсөтүү максатында уюштурулуп, 2023-2024-окуу жылында ар тараптуу мыкты жетишкендиктерге жетишкен мугалимдерге жана жетекчилерге Билим берүүнүн мыктысы төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, Ысык-Ата райондук администрациясынын Ардак грамотасы, Кант шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары ыйгарылды.


Мындан сырткары  2023-2024-окуу жылы ичинде мыкты жетишкендиктерди, сапаттык көрсөткүчтөрү мыкты дэңгээлде көрсөтө алган Кант шаарынын эң мыкты аталган 3 мектептин жана 3 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана Ысык-Ата районунун жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын артыкчылыктарын баалоо менен, эң мыкты аталган 3 мектептин жана 3 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жамаатына атайын акчалай сыйлыктар тапшырылды.