Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

“Аялдардын лидерлиги, азыркы учурдагы чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” темасындагы тегерек стол

19 Октябрь 2024 год 17:34
Количество просмотров: 167

2024-жылдын 18-октябрында Кант шаарындагы № 25 лицейде “Аялдардын лидерлиги, азыркы учурдагы чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чара аялдардын коомдогу ролу, лидерлик позициялары жана социалдык активдүүлүгү боюнча маанилүү маселелерди талкуулоого арналды.

 

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын коомдук ишмери Рыскулова Айгуль Маратбековна өзүнүн мамлекеттик деңгээлдеги кызматы жана ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берди. Анын жетектеген долбоорлору жана программалары аялдардын социалдык, экономикалык жана саясий чөйрөлөрдөгү активдүүлүгүн арттыруу максатын көздөйт.

Тегерек столдо жаш лидерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана активисттердин катышуусунда Айгуль Маратбековнага суроолор берилди. Суроолордо аялдардын лидерлигинин азыркы учурдагы чакырыктары, мүмкүнчүлүктөрү жана гендердик теңдик маселелери боюнча пикир алмашуулар жүрдү. Ушундай баарлашуу катышуучуларга өз тажрыйбаларын бөлүшүүгө, актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоого жана чечүү жолдорун сунуштоого мүмкүнчүлүк берди.

Иш-чарага Кант шаардык мэриясынын өкүлдөрү, ошондой эле Ысык-Ата мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басарлары Сагынбаев Нурбек Табылдиевич жана Исаева Назгуль Асылбековна да катышышты. Алар аялдардын коомдогу ролун күчөтүү, лидерлик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана гендердик теңдикти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты колдоп жаткандыгын билдиришти.

 

Бул тегерек стол аялдардын лидерлигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча маанилүү аянтча болуп, катышуучулар үчүн жаңы идеяларды, кызматташууларды жана натыйжалуу чечимдерди табууга мүмкүндүк берди. Аялдардын коомдогу ордун бекемдөө жана лидерлик потенциалын арттыруу – биздин жалпы максатыбыз.

Иш-чаранын жыйынтыгында, катышуучулар аялдардын лидерлигин өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштар менен чыкты, бул мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошооруна ишенишет.