19-ноябрь күнү «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында уюштурулган жыйынтыктоочу иш-чара өткөрүлдү, анда өлкөнүн ар кайсы аймактарында өткөрүлгөн активдүүлүктөрдүн жыйынтыктары талкууланды.
Бул долбоор алты ай бою Кыргызстандагы 7 районду камтып, райондук жетекчилер жана шаар мэрлери менен ачык түз эфирлерди уюштуруу аркылуу жергиликтүү башкаруунун ачыктыгын камсыздоого багытталган.

Бул иш-чарада Кант шаарынын мэри Майлибашев Улан Бекболотовичтин жана «Невакет медиа» платформасынын өзгөчө салымы белгиленди. Алар активдүү катышуу менен коомчулуктун ишенимин бекемдөөгө жана элдин суроолоруна ыкчам жооп табууга шарт түзүштү. Өз сөзүндө мэр түз эфирлерде жарандар тарабынан берилген суроолордун 80% чечилгенин жана калган маселелер боюнча жакынкы келечекте конкреттүү иштер аткарыларын белгилеп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө журналисттер жана жергиликтүү жетекчилер долбоордун жүрүшүндөгү жетишкендиктерди, кыйынчылыктарды жана келечектеги туруктуулугун талкуулашты. Бул диалог ачык башкаруу принциптерин киргизүү менен жергиликтүү бийликтин натыйжалуулугун жогорулатууга чоң түрткү берерин көрсөттү.

«Түз эфирлер коом менен бийликтин ортосундагы байланышты жакшыртып, ачык-айкын башкаруу маданиятын өнүктүрдү. Жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү убагында талкууланып, иш-чаралар планына киргизилди. Бул багытта иш улана берет,» – деп баса белгиледи Майлибашев.
«Ачык өкмөт» долбоору аймактарда жарандардын үнүн угуу жана маселелерин чечүү процессин ыкчамдатуу менен алардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган. Бул демилге келечекте туруктуу түрдө иштеп, жаңы жетишкендиктерди алып келет деп ишенүүгө негиз бар.